Каркалык айыл аймагында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор түзүлөт

23.04.2015 14:14
Күндүзгү реабилитациялык борбор мүмкүнчүлүгү чектелүү 82 балага жана алардын ата-энелерине ыңгайлаштыруу, реабилитациялык жана консультативдик кызматтарды көрсөтөт.
Каркалык айыл аймагында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор түзүлөт

Күндүзгү реабилитациялык борбор мүмкүнчүлүгү чектелүү 82 балага жана алардын ата-энелерине ыңгайлаштыруу, реабилитациялык жана консультативдик кызматтарды көрсөтүп, ошондой эле Каргалык айыл аймагында балдардын майыптуулугун алдын алуу иштерин жүргүзөт.

Долбоор 2014-жылдын 20-декабрында муниципалдык социалдык тапшырыктын алкагында башталган. Өз жамаатындагы артыкчылыктуу муктаждыктарды изилдеп чыккандан кийин Каргалык айыл өкмөтү БӨУ арасында тапшырыкты жайгаштырууга сынак өткөргөн. Сынактын жеңүүчүсү жана социалдык тапшырыктын аткаруучусу болуп “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду табылган.

Аталган Долбоордун өзгөчөлүгү – майыптуулукка карата салттуу жана калыптанып калган мамилени өзгөртүп, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана алардын ата-энелери үчүн кызмат көрсөтүүдө жана өнүктүрүүдө үй-бүлөлөрдү колдоонун социалдык жана жамааттык моделин, усулдарын берет.

Долбоор өнүгүүсүндө ар кандай мүчүлүштүктөрү бар 82 бала жана алардын ата-энелери менен иш алып барууну пландоодо. Ыйгарым укуктуу органдардын маалыматына ылайык, аймакта 2 миңден ашык бала жашайт, аларды 82си майып деген статуска ээ. Долбоордун адистери социалдык департаменттин адистери менен биргеликте балдардын ушул категориясына карата толеранттуу мамилени калыптандыруу, стигманы азайтуу, инклюзия (социалдык тартуу) боюнча программаны өнүктүрүү, зордук-зомбулуктан коргоо жана балдардын үй-бүлөдө жашоо укугун ишке ашыруу, ошондой эле балдардын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрдү жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн ыңгайлаштырылган билим берүү программалары тууралуу маалымат берүү максатында аймакта жергиликтүү калкка түшүндүрүү жана маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Сунушталган долбоорду ишке ашыруу эки жергиликтүү коомдук бирикменин катышуусунда жергиликтүү башкаруу органдары менен кызматташууда социалдык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү боюнча мыкты тажрыйбаны көрсөтө алат. Мунун натыйжасында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана өнүктүрүү боюнча жамааттык иштердин мыкты моделинин үлгүсү болот.

Долбоордун каржылануусу анын өзгөчөлүгү болуп калды. Долбоор жергиликтүү бюджеттен муниципалдык социалдык тапшырык аркылуу каржыланат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүү боюнча долбоорго буюртма берген Кыргыз Республикасынын муниципалитеттериндеги алгачкы мисалдардын бири. Каргалык айылдык аймагы жарандык коом уюмдары менен кызматташуу аркылуу социалдык көйгөйлөрдү чечсе болорун жана чечиш керектигин көрсөткөн, бул багытта жолду баштап берген 11 муниципалитеттин катарына кирди. Жергиликтүү бюджетке финансылык колдоону Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөтүүдө.