Каныш-Кыя айылдык аймагындагы балдар үчүн кошумча билим берүү жана сергек эс алуу

17.04.2015 14:08
2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн кошумча билим берүүнү жана сергек эс алууну уюштуруу максатында «Баластан» балдардын билим берүү борбору түзүлдү.
Каныш-Кыя айылдык аймагындагы балдар үчүн кошумча билим берүү жана сергек эс алуу

Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Техникалык кызматташтык боюнча Герман коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун финансылык колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен «ТОС Курулуш» коомдук уюмунун кызматташуусунун алкагында 2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн кошумча билим берүүнү жана сергек эс алууну уюштуруу максатында «Баластан» балдардын билим берүү борбору түзүлдү.

Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» жана Айгыр-Жал айылындагы «Алтын бешик» жергиликтүү мектепке чейинки билим берүү мекемелери (МБМ) үчүн бөлмөлөр бөлүнүп, 3 тайпага зарыл болгон техникалык жана атайын жабдуулар, эмеректер тартууланды. Ушул тапта 75 бала кошумча билим алууда жана жакынкы мезгилде балдардын санын 150гө көбөйтүү пландалууда.

Ыңгайлуу тайпаларда балдардын өнүгүүсү, түрдүү окуу жана чыгармачыл тапшырмаларды аткаруу, оюн ойноо үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Балдар эртең менен жана түштөн кийин 3-4 саат билим алышат. Наристелер акыл-эсти өнүктүргөн оюндар, жабыштырмалар, музыка, түстүү кагаздар жана сүрөт тартуу менен алектенсе, бир аз улуураактары кошумча математиканы, жат жазууну үйрөнүп, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт. Негизинен билим берүү борборуна өз маалында бала бакчага барууга мүмкүнүлүгү болбогон балдар барышат.  Окуу программасы 2ден 6 жашка чейинки балдар үчүн атайын иштелип чыккан жана предметтер менен окуулардын саны баланын жаш курагына туура келген окуу планына жараша болот. Мунун натыйжасында баланын өнүгүү деңгээли бала бакчага барган баланын деңгээлинен дээрлик айырмаланбайт. Окуу тажрыйбалуу педагогдун жардамы менен жакшы маанайда өткөндүктөн балдар жана алардын ата-энелери билим берүү борборуна барганча шашат.

Долбоордун өзгөчөлүгү – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти оңдоого жардам берет.