"Тегерек стол": "Жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр"

26.12.2014 09:00 — 26.12.2014 13:00
«Тегерек стол» 2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт.
"Тегерек стол": "Жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр"

Темасы: "Жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр"

Күнү: 2014-жылдын 26-декабры

Сааты: 09.00 - 13.00

Орду: Бишкек ш., "Парк Отель"

Максат: жарандарды электр менен жабдууга тиешелүү көйгөйлөрдү, ошондой эле жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо маселелерин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо 

Милдеттери: КР Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын энергетика тууралуу бөлүмүнүн «Электр энергиясын, эң оболу ички керектөөчүлөргө берүүнүн ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу» милдетин ишке ашыруу

Катышуучулар: Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Өкмөт мүчөлөрү, бөлүштүрүүчү ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү

Уюштуруучулар: Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Швейцария Өкмөтү тарабынан Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана “Өнүктүрүү саясат институту” мекемеси ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен биргеликте

Кошумча: