Кыргыз Республикасынын Жарандык бюджети - 2012

Кыргыз Республикасынын Жарандык бюджети - 2012
30.08.2012 12:53, —
 Окуу адабият

Басылма Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан даярдалып, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен жарык көрдү.

Басылма Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан даярдалып, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен жарык көрдү.

Иштеп чыккандар: Нурида Байзакова, Бакыт Сатыбеков, Бурул Маймерова
Редактор: Надежда Добрецова
Кыргыз тилине которгон: Зейнеп Алтымышова 

Жарандык бюджет. Кыргыз Республикасынын 2012-жылга карата республикалык бюджетинин кыскача баяндамасы.

Жарандык бюджет – бул атайын билимге ээ болбогон жарандарга түшүнүктүү тилде мамлекеттик бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүн кыскача жана жөнөкөй баяндоо. Жарандык бюджет – айкындуулуктун символу, бул Өкмөт ачык иштеп жатканынын жана бардык мамлекеттик каражаттар үчүн отчет берүүгө даяр болгондугунун далили.

Жарандык бюджетти жарандык коомдун уюмдарынын катышуусу менен Каржы министрлигинин колу менен Өкмөт даярдайт. Жарандык бюджетке жарандарга экономиканын өнүгүүсүнүн деңгээлин жана темпин баалоого жардам берген макроэкономикалык көрсөткүчтөр; кирешелер менен чыгашалар ортосундагы баланс; бир алуучуга мамлекеттик кызматтын тилигинде кирешелер жана чыгашалар боюнча маалыматтар камтылат.

Жарандык бюджет “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Бюджеттик айкындуулук жана отчеттуулук” Программасы тарабынан колдоого алынган долбоордун алкагында даярдалды.

Жарандык бюджеттин электрондук вариантын www.minfin.kg жана www.soros.kg сайттарынан таба аласыз.

Орус тилинде