"Жергиликтүү инклюзивдүү экономикалык өнүгүү" деген эмне?

"Жергиликтүү инклюзивдүү экономикалык өнүгүү" деген эмне?
10.03.2021 14:43, —
 Аналитика, докладдары

Автор: Н. Н. ДОБРЕЦОВА, ӨСИнин башкаруу төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

“Инклюзивдүү экономика” түшүнүгү “инклюзивдүү өсүш” түшүнүгүнөн келип чыгат. Анын кыскача маңызы – коомдун туруктуулугуна жетишүү, социалдык чыңалуулардын жана катаклизмдердин алдын алуу үчүн адамдардын ар кандай топторунун ортосундагы теңсиздикти кыскартуу зарылчылыгы, экономикалык кризистердин жана экологиялык коркунучтардын кесепеттерин азайтуу. Инклюзивдүү экономика жакшы мамлекет аз болбошу керек, бийлик экономикалык процесстерге кийлигишип гана койбостон, ал тургай муну жасоого тийиш деп эсептейт. Бул үчүн инклюзияларды – артта калып жаткан топтторду өнүгүү процесстерине кошуу үчүн шарттарды түзүшү керек. Заманбап экономикалык илимде “инклюзивдүү экономика” түшүнүгү дагы деле изилденип, талданууда. Бирок пландаштыруунун жана экономиканы башкаруунун заманбап концепцияларынын негизинде, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде айрым негизги принциптер буга чейин аныкталган жана бекитилген.

Инклюзивдүү, же башкача айтканда, баарын камтыган өсүш – бул көп кырдуу көрүнүш жана бул терминдин ар кандай аныктамалары бар1. Бул түшүнүк көптөгөн эл аралык уюмдардын ишинде дагы көп колдонулат. ОЭСР инклюзивдүү өсүштү “... калктын бардык катмарлары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү жана коомдогу материалдык жана материалдык эмес артыкчылыктарды өз жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бирдей бөлүштүрүүчү экономикалык өсүш” деп аныктайт2. Дүйнөлүк банктын баамында, “… инклюзивдүү өсүш – бул адамдарга экономикалык өсүшкө салым кошууга жана андан пайда көрүүсүнө мүмкүндүк берген өсүш”3. Азия өнүктүрүү банкы инклюзивдүү өсүштү “... жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү гана жаратпастан, ошондой эле коомдун бардык тармактарына, айрыкча жакырларга бирдей мүмкүнчүлүк түзгөн өсүш” деп мүнөздөйт4. БУУӨПтүн пикири боюнча, “инклюзивдүү өсүш түшүнүгү, эрежеге ылайык, экономикалык өсүштүн натыйжасында жалпынын гүлдөп-өнүгүүсүн... билдирет”5. ЭВФ төмөнкүдөй негизги аныктаманы сунуш кылат: “... инклюзивдүү өсүш экономикалык өсүш үчүн артыкчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңири бөлүштүрүү менен байланышкан. Ал бекем болот жана тармактарды камтыган өсүштү чагылдырат, бардык жумушчу күчтү үзүрлүү жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшөт, рынокторго жана ресурстарга бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат, калктын аялуу катмарын коргойт”6.

Эң жөнөкөйлөтүлгөн формасында, эки негизги соңку жыйынтык инклюзивдүү экономиканын жалпы кабыл алынган өзгөчөлүктөрү деп эсептелет7:

  • ар бир адам өзүнүн жеке жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу менен, иш процессине катышуусу керек;
  • ар бир адамда жашоосун камсыз кылуу үчүн негизги муктаждыктарга: тамак-аш, суу, кийим-кече, саламаттык сактоо, турак жай, билим берүү, энергетика ресурстарына жеткиликтүүлүк болушу керек.

Макаланы толук окуу

______________ 

1 R. l Ranieri and R. A. Ramos, “Inclusive Growth: Building a Concept”, International Policy Centre for Inclusive Growth, Working Paper No. 104, March 2013.
2 OECD, All on Board. Making Inclusive Growth Happen, 2014. 
3 E. Ianchovichina, and S. Lundstrom, “Inclusive Growth Analytics: Framework and Application”, World Bank Policy Research Working Paper, No. 4851.
4 I. Ali and H. Hwa Son (2007), “Measuring inclusive growth”, Asian Development Review, Vol. 24, No. 1, pp. 11- 31.
5 UNDP, UNDP’s Strategy on Inclusive and Sustainable Growth, 2017, p. 4.
⁶ IMF, Fostering Inclusive Growth, 2017.
⁷ http://mvonederland.nl/dossier/inclusive-economy