Жерди ижарага берүүдө сынактык жол-жоболор жергиликтүү бюджеттин кирешесин 10 эсе көбөйтөт

14.09.2015 14:46, —
 Аналитика, докладдары

Бул тууралуу Жалал-Аад облусунун Арал айылдык кеңешинин төрагасы Мирулан Токтосунов өз пикирин бөлүштү.

Акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстан башынан көптү өткөрдү. Бирок бийлик, аны менен кадрлар өзгөргөнүнө карабастан коррупция көйгөйү жана элдин бийликке болгон ишеним деңгээлинин кескин азайышы күндөн күнгө күчөп жатат. Күн санап ички саясатка, райондордогу жергиликтүү аткаминерлердин адилетсиздигине жана өзүмбилемдигине нааразы болгон жарандардын саны өсүүдө. Экономиканын начарлашы, мунун натыйжасында эмгекке жарамдуу калктын бөтөн өлкөдө иш издеп жүрүүгө мажбур болушу нааразычылыктын кумганын толтуруп жатат. Ата-энеси миңдеген километр узактыкта эмгектенип жаткан жаш муундун арасында кылмыштуулуктун санынын өсүшү; ата-энеси бөтөн баланы кароого убактысы да, күчү да дайыма эле боло бербеген жакын жана алыс туугандарынын кароосуна калтырып кеткен, кароосуз калган балдардын санынын өсүшү мунун кыйыр жыйынтыгы. 

Баары чарчады. Туңгуюктан, өкмөттүн кайдыгерлигинен, адилетсиздиктен, жалган патриоттуулуктан чарчады. Ал эми мунун чеги так аныкталган – шайлоо алдындагы өнөктүктөн кызматка отурганга чейин, аткаминердин же депутаттын портфели колуна тийгенге чейин. Анткен менен көптөгөн кыргызстандыктар жеринде жашоо шартты жакшыртуу үчүн глобалдык аракет жумшоо зарыл эмес деген ишенимде. Болгону өз ишиңди билип, аны жасай алышың керек. Бирдей ой жүгүрткөн адамдардын командасы керек, алардын көз караштары, ойлору жана идеялары бир тарапка – өз Мекениңдин өнүгүүсүнө гана багытталууга тийиш. Бул команда башталган реформалар жана кандай гана болбосун анын кесепеттери үчүн да өзүнө жоопкерчилик алууга даяр болуш керек. Көп учурда мындай команда айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен жана жергиликтүү кеңештен түзүлөт. Бул эки орган бир бүтүн болуп иштеген учурда гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңы системасын түзүүдө, же эскисин жөнгө салууда ийгилик болот. Жалпы эл кабыл алган Кыргыз Республикасынын Конституциясында да жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилиги алдында чечүүдө кепилденген укук жана реалдуу мүмкүнчүлүк деп жөн жеринен аныкталбаса керек.

Конституциянын бул беренесин негизге алуу менен, айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештери өзүн өзү камсыздоого, өзүн өзү жөнгө салууга жана өзүн өзү каржылоого жетүү үчүн болгон аракетин жумшоодо. Арал айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин аппараты да жергиликтүү бюджетти бекемдөө, мыйзамдуулукту жана финансылык туруктуулукту күчтөндүрүү, ЖӨБ органдарынын калк алдындагы отчеттуулугун түзүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүүдө. Мындан тышкары кеңеш жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууда коомчулуктун пикирин жалпылаштыруу, сунуштарды андан ары изилдеп чыгуу, эгерде алар жүйөлүү болсо, карап чыгуу жана соңку чечимди кабыл алуу процессинде аларды эсепке алуу үчүн болгон аракетин жасап келатат. Ошол эле маалда Арал муниципалитетинин турмушуна тышкы өнөктөштөр да жигердүү катышууда. Айталы, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын дараметин жогорулатууда Ханс Зайделдин фонду, Өнүктүрүү саясат институтунун жана «Абад» долбоорлору баа жеткис жардам берүүдө.

Айылдык аймакты дотациялык камсыздоодон чыгаруу максатында жергиликтүү кеңештин аппараты ички финансылык ресурстарды изилдеп чыкты. Мындай учурда жерлерди туура башкаруу жана аларды натыйжалуу колдонуу жолу менен жергиликтүү бюджетке түшкөн финансы каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү алгачкы жана эң негизги тапшырма болуп калды. Бул максатта биз муниципалдык объекттерди башкарууга, аларды ижарага берүүгө же сатууга байланышкан маселелерди туура чечүүгө багытталган көптөгөн ченемдик-укуктук актыларды карап чыктык жана кабыл алдык.

Арал кеңешинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири – бул ар кандай шектенүүлөрдөн оолак болуу максатында калкка бюджеттик маалыматты ачыктоо жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилигин күчтөндүрүү. Ушул максатта депутаттар жерди башкаруудан жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражаттарын көзөмөлдөөнү күчөтүшкөн. Мисал катары Арал муниципалитетинин өзүнө 103 гектар айыл чарба жерлерин камтыган Кен-Сай участогун алса болот. Бул 103 гектарды бөлүштүрүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Типтүү жобонун талаптары бузулган. Башкача айтканда, жерлер түз эле, жер мыйзамдарын бузуу менен берилген. Анткени аталган жобого ылайык, жерлер тендердин негизинде берилиш керек болчу. Арал айылдык кеңеши прокуратура органдарына кайрылгандан кийин мыйзамдардагы бузуулар аныкталып, иш сотко өткөрүлгөн. Райондук жана облустук соттордо иш каралып, бардык чоо-жайы аныкталгандан кийин ижарага алгандар менен келишимдер жокко чыгарылган. Албетте мунун баары оңой болгон жок. Анткени 103 гектар жерди тендер өткөрбөстөн күлкү келтирерлик баага – 185 миң сомго ижарага берүү менен кимдир бирөө акчага жакшы эле туйтунган. Салыштыруу үчүн 1-таблицаны карап көрөлү. Анда жерди тендерсиз жана тендердин негизинде саткан үчүн баалар келтирилген. Айырма аттын кашкасындай көрүнүп турат – тендерден кийин жердин бир гектары дээрлик 10 эсе кымбат болгон (1-таблицаны караңыз)!

Ошондой эле Арал айылдык аймагынын жергиликтүү кеңеши эки негизги багыттан турган бюджеттик саясаттын жаңы моделин жигердүү жайылтууга киришти:

  • айкындуулук жана ЖӨБ органдарынын калк алдындагы отчеттуулук принциптерин сактоо менен, жергиликтүү жамааттын милдеттүү катышуусу менен жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу процесси мүмкүн болушунча ачык жана айкын болуш керек;
  • ичип-жатар саясаттын жана өкмөттөн же донорлордон финансылык инвестицияларды күтүп отуруунун ордуна өз ресурстардын эсебинен жергиликтүү бюджетти күчтөндүрүүгө багытталган жигердүү позиция.

Айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында биз көп нерсеге жетише алдык: коомдук угууларды өткөрүү маалында жергиликтүү калк жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын булагы жана аларды бөлүштүрүү тууралуу сапаттуу жана толук маалымат алууда, анын негизинде жергиликтүү маанидеги маселелерди жүйөлүү жана адилет карап чыгып, кабыл алууда ЖӨБ органдарына болгон ишенимдин деңгээли жакшырып, күндөн күнгө өсүп жатат. Мындан тышкары калктын турмуш шартын жакшыртууга багытталган демилгелерди ишке ашырууда айыл өкмөтүнө көмөктөшкөн, аймактын социалдык турмушуна катышуу демилгеси менен чыккан активисттердин саны да өсүүдө. Активисттер өз демилгеси менен эмгек салымы түрүндө катышууну сунушташууда, же жетишпей жаткан каражатты чогултууну уюштуруп келишет.

Өнөктөш негизде жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү менен биргелешкен иш Арал айылдык аймагынын ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде сапатты жана айкындуулукту камсыздоого жардам берип жатат. Ал эми жалпы талкуу жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуу айрым учурларда бюджеттик каражатты үнөмдөп калууга да жардам берүүдө.

Шартка жараша көптөгөн айылдык аймактар учурда дотацияда турат. Дал ушул учурда жергиликтүү ресурстарды мобилдештирүүнүн жана бардык жашоочулардын жигердүү катышуусунун жыйынтыгында гана адамдардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүгө болору туурасында калк ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы пайда болуп, мунун актуалдуулугу да өсүп жатат. Албетте мунун баары убакытты, сабырдуулукту жана билимди талап кылат. Бирок объективдүү кыйынчылыктарга карабастан Арал айылдык кеңеши жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди чечүүдө мындан ары да өз аракеттерин жасоого даяр.

Биздин турмуш талап кылган чыгашалар мурда эле биздин ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү артта калтырып койгон. Бирок мындай мезгилде да биз өз жарандарыбызды алакан жайып, сырттан жардам күтүп отура бербестен, өз жашообузду жакшыртуу үчүн биргелешкен аракеттерди чогуу көрүүгө чакыргыбыз келет. Жалпы максатка жетүү үчүн баарыбыз бир багытта иш жүргүзүшүбүз керек. Элет жергесиндеги көйгөйлөрдөн шаарга көчүп кетүү менен качып кутулууга болбойт. Жок. Өзүңдөн качып кутула албайсың да. Ар бирибиз терең ойлонуп көрүп, жакырчылыктын же жалкоолуктун себептерин таап чыгып, өзүбүз үчүн артыкчылыктарды аныктап, ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү таап, андан кийин чогулуп, мүмкүн болгон кесепеттерди эсепке алуу менен булардын үстүнөн иштешибиз керек. Айылда да шаардагыдай, атүгүл андан да ыңгайлуу шарттарда жашаса болот.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Арал айылдык аймагынын территориясында 5 айыл жайгашкан. Ал жакта кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар, уйгурлар, казактар, тажиктер ж.б. болуп 6 131 киши жашайт.