Кен казып алуучу уюмдардын жергиликтүү калк менен өз ара аракеттешүүсү жана жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн көбөйүшү (ЕККУ, 2013)

13.03.2013 00:00

Ишке ашыруучу уюм: Өнүктүрүү саясат институту  
(Долбоордун менеджери: Жылдыз Керимова, 0312 97-65-30, 0555 432-660, jkerimova@dpi.kg)

Каржылоо: ЕККУ Бишкектеги Борбору

Ишке ашыруу мөөнөтү: март - ноябрь 2013-ж.

Долбоордун географиясы: Кыргыз Республикасынын Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустары

Долбоордун максаты:

  • Кен казып алуучу уюмдун (же башка түрдөгү жаратылыш ресурстарын иштеп чыгуу же айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү сыяктуу ишкердик) жергиликтүү коомчулуктун аймагына, ЖӨБ органдары жана жарандар менен туруктуу өнөктөштүктү орнотуу үлгүсүн иштеп чыгуу жана апробациялоо.

Долбоордун иш аракеттери:

Долбоор Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарынан тандалып алынган сынамык айыл аймактарында ишке ашырылат. Сынамык айыл аймактарынын мындай аз санда экендиги төмөдөгүдөй себептер менен негизделет: долбоордун жүрүшүндө колдонула турган үлгүнү иштеп чыгуу жана аны ишке киргизүү көптөгөн татаал иш-чаралардын уюштурулушун жана өткөрүлүшүн жана алар үчүн аз эмес каражаттарды талап кылат. Мындан сырткары, алдыга коюлган максатка жетүү жана тапшырманы аткаруу үчүн узак мөөнөттүү уланып туруучу иштерди,муниципалитеттердеги жашаган калктын катышуусун, жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барууну жана улуттук деңгээлде аткарылуучу аракеттерди талап кылат.

Долбоордун өзгөчөлүктөрү жана техникалык кадамдары

Өзгөчөлүгү: негизги максаттуу топ болуп жалгыз эле жергиликтүү калк каралбастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да эсептелгендигинде. Бул өзгөчөлүк долбоордун ушул чөйрөдөгү иш алып барган башка уюмдардын иш аракеттеринен айырмалап турат. Себеби алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өзгөчө, жергиликтүү кеңештер, менен эч кандай иш алып барышпайт; кызматташтыктын эч кандай жолдорун же ыкмаларын пайдаланышпайт жана аларды жасоого аракеттенишпейт; жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү камсыздоого эч кандай салым кошпойт; түрдүү социалдык топтордун кызыкчылыктарын эске алуу менен ЖӨБ жана коомчулук менен узак мөөнөттүү өнөктөштүккө барышпайт.

Өнүктүрүү саясат институту корпоративдүү социалдык жоопкерчилик маселелери менен иш алып барган бир катар уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана жаңжал чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болгон аймактарда инвесторлордун иш алып баруусун камсыздоо боюнча алардын иш тажрыйбасы менен таанышып чыкты.

ЖӨБ органдары жана уюмдар инвестицияларды башкаруу ыкмалары боюнча атайын окутуулардан өтүшөт жана ал иш-чараларга жергиликтүү коомчулук да катышып, алардын жүрүшүндө кызматташтыкты орнотуу, аны баштоо жана андан ары алып кетүү темалары камтылат.

Сынамык муниципалитеттер

Долбоордун сынамык айыл аймактары төмөнкү критерийлердин негизинде тандалып алынат:

  • Инвесторлор кызыкдар болгон иштетиле турган жаратылыш ресурстардын бар болушу.
  • Иштетүүгө кызыкдар болгон уюмдун болушу.
  • Жаңжал маселесинин жок болушу (жаңжалдын бар болуусу долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына абдан чоң жолтоо болот).
  • ЖӨБ органы тарабынан кызкчылыктын жана кызматташууга даярдыктын болуусу.

Иш аракеттердин ирети

Долбоордун бардык иш аракеттери эки жылдык мөөнөткө эсептелген жана ал жети чоң этаптардан турат:

  1. Маалымат кампаниясы
  2. кызыкдар атарптарды окутуу
  3. ЭКБА-иш аракеттерин өткөрүү
  4. ЖӨБ органдары жана маморгандар менен иш алып барууну ченемдик жактан даярдоо
  5. Коомдук угуулар
  6. Бирдиктүү долбоорду ишке ашыруу
  7. Долбоордун жыйынтыктары боюнча маалымат кампаниясы.

1-4-этаптары долбоордун биринчи жылында, ал эми 5-7-этаптар экинчи жылында ишке ашырылмакчы.

Жаңылыктар:

Иш чаралар:

Китепкана: