“Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги – 2018” аттуу жаш изилдөөчүлөрдүн IV илимий-практикалык конференциясына баяндамалар конкурсу

11.12.2017 10:47 — 30.03.2018 18:00

Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржылан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы,
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги

“Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги – 2018” аттуу жаш изилдөөчүлөрдүн
IV илимий-практикалык конференциясына

БАЯНДАМАЛАР КОНКУРСУН

жарыялашат.

Баяндамаларды берүү мөөнөтү – 2018-жылдын 30-мартына чейин (болжолдуу)

Урматтуу студенттер, магистранттар, жаш окутуучулар жана окумуштуулар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар!

2018-жылдын май айында (болжолдуу) “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги-2018” жаш изилдөөчүлөрдүн IV илимий-практикалык конференциясы өтөт. Конференциянын максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүндө актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөөгө көмөктөшүү. Конференцияны өткөрүүнүн алкагында баяндамалардын конкурсу өтөт.

Конкурска катышуу үчүн баяндамалар конференциянын Уюштуруу комитетине (Өнүктүрүү саясат институту) 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык 2018-жылдын 30-мартына чейин (болжолдуу) жиберилиши керек.

Толук маалымат www.vap.kg сайтындагы «Сынактар жана вакансиялар» бөлүмүндө жайгаштырылган.