“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТАР ҮЧҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ” КОНКУРСУ

15.11.2023 10:27 — 15.12.2023 10:27

Конкурс 2023-жылдын 15-декабрга чейин созулат.

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясы (мындан ары – Коалиция) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары – КР ФМ) менен биргеликте конкурс жарыялайт:

 

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТАР ҮЧҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ”

2024-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук угуулар

Конкурстун негизги максаты – жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрү эсепке алынуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого жарандарды тартуу аркылуу жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбаларын аныктоо жана жайылтуу.

Конкурстун катышуучулары

Конкурска 2023-жылдын май-август айларында 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөн Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн бардык аткаруу органдары катыша алышат.

Конкурска катышуу үчүн ЖӨБ органдары бул жердеги форма боюнча белгиленген тартипте өтүнмөнү жибериши керек: Конкурстун жобосун жана Өтүнмө формасын жүктөө

 

Байгелер

Конкурстун байге фонду (жыл сайын) 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сомду түзөт. Байге фондунун каражаттарын Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу агенттиги (SDC) каржылаган Коалиция бөлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылат. Бул байгелер төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт: I орун – 300 000 сомдон ашпаган суммадагы бир байге; II орун – 250 000 сомдон ашпаган суммадагы бир байге; III орун – 200 000 сомдон ашпаган суммадагы бир байге; Ар бири 55 000 сомдон көп эмес суммага шыктандыруучу байгелер.

Коалиция конкурстун байге фондун толук пайдаланбоо укугун өзүнө калтырат.

 

Конкурстук комиссия

Жеңүүчүлөрдү Конкурстук комиссия аныктайт, ал төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнөн турат, алар КР Финансы министрлигинен, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, КРнын ЖӨБ союзунан, БАЖБАдан, Өнүктүрүү саясат институтунан адам жана тиешелүү чөйрөдө иштеген жарандык коомдун уюмдарынан жана өнүктүрүү долбоорлорунан.

 

Долбоордук өтүнмөнү берүүнүн мөөнөттөрү

Төмөндө көрсөтүлгөн форма боюнча өтүнмөлөрдү жана тиешелүү тиркемелерди долбоорду ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2023-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейинки мезгилде ӨСИнин адиси Азамат Мамытовго жибериш керек. Дареги: Бишкек ш., Шевченко көч., 114-үй, III кабат.  Тел.: 0770 771 114; (0312) 97-65-30 (31, 32). Факс: 97-65-29 же электрондук дареги: AMamytov@dpi.kg.