АЙТКУЛОВ Бакытбек

АЙТКУЛОВ Бакытбек

USAIDдин "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорунун 3-компонентинин координатору

Мамлекеттик кызматта, жеке уюмдарда жана эл аралык донордук уюмдардын долбоорлорунда 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар.

Ал төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат: АӨ кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү коомчулуктар үчүн тренингдерди иштеп чыгуу жана өткөрүү, максаттуу муниципалитеттердин тажрыйбасын жайылтуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка кызыкдар тараптар ортосунда байланышты күчөтүү, бюджеттин ачыктыгын камсыздоо жана жергиликтүү ресурстарды башкаруу боюнча ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүү, гранттык долбоорлорду жана программаларды пландаштырууда жана ишке ашырууда көмөк көрсөтүү.

USAID, Швейцария өкмөтү (SDC), Дүйнөлүк банк, Ханс Зайдель фонду, ж.б. тарабынан каржыланган долбоорлордо Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти.

«Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» наамына ээ. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын кенже инспектору» класстык чини ыйгарылган.

Кыргыз улуттук университетинде экономика боюнча бакалавр жана бизнести башкаруу боюнча МВА даражасына ээ.