«Муниципалитет Фин-Билим-Сити» жайкы мектеби жогорку класстардын окуучуларын чакырат!

26.03.2015 11:14
Канткенде Эвергриния Республикасындагы бириккен нөөмөттө Фин-Билим-Сити Муниципалитетинин жашоочусу боло аласыз?
«Муниципалитет Фин-Билим-Сити» жайкы мектеби жогорку класстардын окуучуларын  чакырат!

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕПТЕРИНИН
жогорку класстарынын окуучулары үчүн (15-17 жаштагыларга)

 

Жайкы мектепке катышууга (2015-ж. 02-13-июлга чейин)

 

ЧАКЫРУУ

(жайкы мектепти “Фин-Билим-Сити Муниципалитети” лагеринин уюштуруучусу болгон Өнүктүрүү саясат институту “Эвергриния Республикасы” лагеринин уюштуруучусу болгон Билим берүү Демилгелерин Колдоо Фонду менен кызматташтыкта өткөрүүдө)

Табыштамалар 2015-жылдын 15-майына чейин кабыл алынат.

Табыштама жазуу тартиби жана ата-энелер үчүн маалыматты сайттан таба аласыз: http://dpi.kg/ru/news/full/758.html

Бул жашоодо ийгиликтүү болуу үчүн жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектепте алынган билим жетишсиз. Өз акчаңды башкарганды да билиш керек. Келечекте ким болгуң келери маанилүү эмес. Бизнес менен алектенсең да, мамлекеттик кызматта же коомдук уюмда иштесең да бардык жерде финансы тууралуу билим зарыл болот!

Табыштама берүү үчүн атайын финансылык билим талап кылынбайт!

Уюштуруучулар: