БГУда мастер-класс: 2012-2013-окуу жылында студенттерди практикалык окутуунун жыйынтыктары

28.05.2013 17:25
28-майда Бишкек гуманитардык универститетинде журналистика жана массалык коммуникация факультетинин студенттери үчүн жыйынтыктоочу мастер-класс өткөрүлдү.

28-майда Бишкек гуманитардык универститетинде журналистика жана массалык коммуникация факультетинин студенттери үчүн жыйынтыктоочу мастер-класс өткөрүлдү.

2012-жылдын 11-декабрынан тарта 2013-жылдын 19-апрелине чейинки мезгил аралыгында болочок журналисттер үчүн геосаясат, мамлекеттин бюджети, экономикалык кылмыштар, салыктар, журналистика, банк системасы, микрокаржылоо, ошондой эле кен казуу тармагы жаатындагы эксперттердин катышуусунда 9 сабак өткөрүлдү. Жаш журналисттер үчүн семинарлар Эл аралык жеке ишкерчилик Борбордун каржылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган, «Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчтөндүрүү» (CIPE) долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Онунчу, жыйынтыктоочу мастер-класстын жүрүшүндө тапшырмалар, темалар, көйгөйлөр жана кыйынчылыктар, жетишилген ийгиликтер, жетишкендиктер каралып, талкууланды. Студенттер жана борбордогу башка жогорку окуу жайлардан келген иш-чаранын меймандары менен биргеликте адистер катышуучулар үчүн өзгөчө кызыктуу болгон темаларды талкуулашты; келечекте эмнени жакшыртып, же өзгөртсө болот, кийинки иш-чараларга кандай түзөтүүлөрдү киргизсе болоруна карата өз сунуштарын беришти.

Башка университеттерден келген окутуучулар да катышуучулардын катарында өз студенттерин да көргүлөрү келерин айтышты. Ал эми ӨСИ медиа кеңешчиси Лариса ЛИнин түрдүү жогорку окуу жайлардагы журналистика факультетинин студенттеринин санынан семинар үчүн топту түзүү мыкты атаандаштыкты пайда кылып, студенттерге өзүн табууга жардам бермек деген идеясы студенттердин да, уюштуруучулардын да, БГУнун окутуучулар курамынын да колдоосуна ээ болду.

Талкуу аяктаган соң өткөн айлардын ичинде мастер-класстарга катышкан өзгөчө активдүү студенттерге сертификаттар тапшырылды. ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА жана журналистика факультетинин деканы Алтын АСАНОВА өзүн көрсөтө алган студенттерге сертификаттарды тапшырышты. Сертификаттарды 16 адам алды, алардын арасында өзгөчө активдүүлөр англис-орус-кыргыз тилдериндеги экономикалык терминдердин глоссарийине жана экономикалык журналистика боюнча окуу куралына ээ болушту.

Жыйынтыктоочу мастер-класстардын бардык катышуучулары бул долбоорго чоң кызыгуусун билдиришти жана мындан ары да кызматташа берүүгө ишеним артышты.