“Коомдук кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды

24.09.2022 14:31
Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу” долбоорунун алкагында уюштурулду.
“Коомдук кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды

22-сентябрда Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу” Долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте “Коомдук кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууга арналган эки күндүк семинарын өткөрдү.

Семинар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүүнүн жаңы концептуалдык механизмдерин иштеп чыгууга, эл аралык тажрыйбаны жана өлкөдөгү тейлөө чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды талдоого, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Коомдук кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө» Мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сервистик моделинин концепциясында каралган сунуштарды эске алууга болгон аракеттерди колдоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынып иштеп жатканынап 7 жыл болду. Бул убакыттын ичинде аталган Мыйзамдын ишке ашырылуусу тууралуу маселелердин чоң массиви пайда болду. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын концепциясын кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы классификациясын киргизүү, ошондой эле мамлекет жана коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы моделин калыптандырууга багытталган ич чараларды эс алуу менен кайра карап чыгуу маселеси пайда болду.

Ошону менен бирге, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө системдүү ыкма зарыл экендигин так түшүнүү бар, ал системаны андан ары өнүктүрүү концептуалдык көз карашка негизделиши керек. Кошумчалай кетсек, бул позиция өлкөнүн Президентинин демилгесинин алкагында жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун жыйынтыгы менен тастыкталат.

Семинарга 20дан ашык адам катышууда, анын ичинде Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдын 20-майындагы № 84 буйругу менен түзүлгөн), «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдагынын союзунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.