Тажрыйба алмашуу - жаңы билим алуунун эң эффективдүү жолу

21.12.2021 23:47
Маалымат каражаттары үчүн маалымат: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун PR адиси: 0555/0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg
Тажрыйба алмашуу - жаңы билим алуунун эң эффективдүү жолу

Бүгүн, 2021-жылдын 21-декабрында, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылдык аймагында Аламүдүн жана Сокулук райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тажрыйба алмашуу болуп өттү.

Иш-чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жаңы кабыл алынган негизги мыйзамдар боюнча маалымат берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын горизонталдуу өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди эффективдүү чечүү боюнча тажрыйба алмашуусун камсыздоо максатында уюштурулду.

Тажрыйба алмашуу иш-чарасынын биринчи бөлүгүндө КР ЖӨБ Союзунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат, Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн өнүгүү практикасы, КР “Жарандык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы боюнча түшүндүрүү, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы боюнча түшүндүрүү, Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана долбоор жазуу практикасы, ЖӨБ органдары үчүн ведомстволук окутууларды уюштуруу жана өткөрүү тууралуу жана Мыкты тажрыйбалар Порталы боюнча маалымат тартууланды.

Катышуучулар – Сокулук жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары – акимдер, Сокулук жана Аламүдүн районундагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары, Сокулук районун айылдык кеңештин төрагалары – Лебединовка айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү практикасы жана муниципалдык чарбалардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, аймактагы эки миңден ашуун үй-бүлөнү суу менен камсыздоочу суу алуучу жай (водозабор), айыл ичиндеги жолдорду куруу жана жарыктандыруу иштери менен жана муниципалдык кызматкерлер үчүн курулган үйлөрдүн абалы менен таанышышты.

Иш-чаранын жүрүшү Фейсбук аркылуу түз алып берилип, ал видеолор бул шилтемелер аркылуу жеткиликтүү: @DPIKyrgyzstan жана @myktyaimak.gov.kg

Тажрыйба алмашуу иш-чарасы КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу жана Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Сокулук жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрацияларынын катышуусунда уюштурулду.

Маалымат каражаттары үчүн маалымат: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун PR адиси: 0555/0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg