Төрага Талант Мамытов: "Парламент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуусу өтө чоң мааниге ээ"

22.09.2021 17:05
Булак: Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы
Төрага Талант Мамытов: "Парламент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуусу өтө чоң мааниге ээ"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулары бирлигинин директору Бектурган Орозбаевди кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Жогорку Кеңеш, анын түзүмдөрү (парламенттик фракциялар, комитеттер, Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттерин камсыз кылууну жана кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жана тереңдетүү маселелери талкууланды.

Төрага Талант Мамытов жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасында башкаруунун алгачкы жана абдан маанилүү бөлүгү экенин, калктын жалпы бийликке мамилеси  көп жагынан анын абалына жана жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө көз каранды  болорун белгиледи. Ал эми Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жана көзөмөл кылуу ыйгарым укуктарын ишке ашырууда жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн, мэриялардын кызыкчылыктарын жана сунуштарын эске алуусу өтө чоң мааниге ээ. Андыктан,  кабыл алынган мыйзамдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамаатка тийгизген таасири боюнча тийиштүү изилдөөлөр керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору Бектурган Орозбаев бирикменин негизги максаттары тууралуу учкай маалымат берип, азыркы учурда бирлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташууну жүргүзүп, аларга тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүүгө жигердүү катышып жатканын билдирди. Борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын коргоо жана бирликтин ишмердүүлүгүн бекемдөө максатында 2019-жылдын август айында Жогорку Кеңеш тарабынан бир нече мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Аларга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон мыйзам долбоорлорун даярдоодо демилгечи тарабынан бирлик менен талкууларды өткөрүп, натыйжалары жөнүндө мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесине киргизүү керектиги аныкталган.

Бектурган  Орозбаев  бирликтин өкүлдөрүнө жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн, мэриялардын сунуштарын, пикирлерин түздөн-түз Жогорку Кеңештин депутаттарына жеткирүү максатында аларга тиешеси болгон мыйзам долбоорлорун талкуулоодо Жогорку Кеңештин жана анын тармактык комитеттеринин жыйындарына катышуусуна шарт түзүү  өтүнүчүн билдирди. Анын айтымында, бирлик Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жергиликтүү калкка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийгизген таасири тууралуу баяндама даярдап парламенттин кароосуна киргизүүгө даяр.

Жолугушуу соңунда Төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин комитеттери менен Аппаратка Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги менен кызматташууну күчөтүү максатында  Жогорку Кеңеште каралып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкарууга тийиштүү мыйзам долбоорлоруна бирликтин сунуштарын, пикирлерин эске алуу үчүн Жогорку Кеңештин жана анын  тармактык  комитеттеринин жыйындарына катышууга шарт түзүү боюнча тийиштүү тапшырма берерин билдирди.

Жаңылыкка шилтеме: http://kenesh.kg/ky/news/show/11914/toraga-talant-mamitov-parlament-zhergiliktuu-oz-aldincha-bashkaruu-organdarinin-sunushtarin-zhana-sin-pikirlerin-eske-aluusu-oto-chon-maanige-ee