«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

21.04.2020 17:22
Булак: http://www.president.kg/kg/okujalar/16554_mamlekettik_satip_aluular_ghnnd_miyzamga_zgrtlr_kirgizildi
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана күчөтүлгөн даярдык режиминде ыкчам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын 4-беренесине (Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер) жана 21-беренесине (Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар) айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2020-жыл 21-апрель

Направления: