Аялдардын лидерлик сапаттары менен депутат болууда эмне окшош жагы бар?

06.03.2020 11:05
«Аялдардын лидерлик сапаттары жана шайлоо процесстерине катышуу» боюнча уюштурулган окуттуларга 25 аял ийгиликтүү катышып 2020-жылдын апрелине дайындалган шайлоого талапкерлигин коюууга даяр экендигин билдиришти
Аялдардын лидерлик сапаттары менен депутат болууда эмне окшош жагы бар?

2020-жылдын 25-28 февраль арасы айылдык кенешке талапкерлигин коюууга камданып жаткан лидер аялдардын дараметин жогорулатууга багытталган тренингтер Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Агенттиги аркылуу каржыланып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун 3 айыл өкмөтүндө болуп өттү.

Эки бөлүктөн турган тренингтин жүрүшүндө аялдарга биринчиден 2019-жылдын 8-августундагы №117 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, тагыраак айтканда, айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык мандат резервтөө механизми белгиленгендиги тууралуу презентация жасалды. Кийинки презентациялар аялдардын лидерлик сапаттары, ийгиликтүү коммуникация негиздери жана болгон ресурстарды тартуу менен шайлоо кампаниясын жүргүзүүнүн/даярдоонун негизги принциптери тууралуу кенен маалымат берилди.  

Окутуунун практикалык бөлүгүндө, аялдарга шайлоо платформасын иштеп чыгуусуна убакыт берилип, өз программасын башка катышуучулардын алдына алып чыгуусуна арналды. Ал эми катышуучуларга, талапкердин программасын угуу менен гана чектелип калбастан, өз сын пикирин билдирүү менен суроолорду берип, программаны кантип жакшыртуу керек экендиги боюнча курамдык сунуштарын да камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Өз программарында аялдар, элди таза суу менен камсыз кылуу, жол чекелерине тротуардарды куруу жана жарыктандыруу кигрзигүү, жергиликтүү бюджеттин ачык айкын коротулушун көзөмөлдөө сыяктуу көптөгөн оорчундуу маселелерди көтөрүп чыгышты. Аялдар талапкердик программасын гана иштеп чыкпастан, ошондой эле аны шайлоочулар арасында ийгиликтүү жайылтуу үчүн креативдүү идеяларын да айта кетишти. Тротуар маселелрин көтөргөн талапкер айым, программасын жазган баракчага ылайга буланган мектеп окуучуларынын сүрөтүн жайгаштырып коерун идея катары айта кетти.

Натыйжада, аялдар депутаттыкка талапкер катары өз программасынын үстүндө иштөөнү өздөштүрүү менен бирге, аны эл алдына алып чыгып, эркин сүйлөөнү үйрөнүштү.  Бул жараян аялдардын бири бирин колдоосуна жана биригүүсүнө да жардам берип, шайлоодон ийгиликтүү өткөн учурда биргелешип иш алып бараарына көмөк көрсөттү. Аялдар арасындагы мындай колдоо, алардын өздөрүнүн ишенимдүүлүгүн бекемдейт.

Тренинг аяктагандан кийин, аялдар окутуу учурунда алган билими, алардын ой-пикирлерин сабаттуу түрдө, далилдерди келтирүү менен кагаз бетине түшүрүүгө, жана депутатыкка келүүсү менен өз аймагында жашоо сапатын жакшыртууга кандай салымын кошо ала тургандыгы боюнча элдин алдында эркин жана ынандыруучу түрдө сүйлөөгө жардам бергендиги жөнүндө өз пикирин билдиришти.

«Биз бул окутуу үчүн долбоорго ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул тренингте мен үчүн, бир маселе тууралуу өз оюн кантип туура жана тыкан ырааттуулук менен кагазга түшүрүүнү гана үйрөнбөстөн, ошол маселени кантип чечүүгө багытталган иш аракеттерге көбүрөөк басым жасоо керектигин жана менин өз салымым кандай болоору тураалуу маалымат алуу абдан пайдалуу болду. Бугунку тренингте өзүмдүн платформамдын алгачкы проектисин алып чыктым. Айтылган сунуштардан кийин, ага кандай кошумчаларды кылса болот экенин билдим. Андан тышкары, мен депутат болгон күндө да, мен чече албай турган маселелер бар экендигин, жергиликтүү бюджеттин чегинен чыккан нерселер бар экенин да түшүндүм. Келаткан шайлоодо өз талапкерлигими коюуп жатканыма байланыштуу, мен үчүн бул окутуу аябай пайдалуу болду» – деп 46 жаштагы, Корумду айылынын тургуну Мамытканова Айгуль билдире кетти.

Коргон айылынын тургуну Сатыбалдиева Махабат төмөнкудөй пикирин айтты: «Лидер аялдарга багытталган тренингде биз айылдагы көйгөйлүү маселелерди кантип аныктоо, анын чечүү жолдору жөнүндө жана аялдардын укугун коргоо боюнча маалыматтарга ээ болдук.  Ошондой эле жергиликтүү кенештерге депутаттыка аялдардын талапкер болуусуна мыйзам чегинде 30% мандаттарды резеврге калтыруу боюнча шарттар түзүлгөндүгүн билдик. Мен да аял, эне катары айылдык кенешке депутаттыкка коюуп жатып, айылдардагы аялдардын укуктары толук корголсо деп тилеймин. Депутат болуп шайланып калсам жергиликтүү маанидеги маселелерди кароодо аярлуу топтордун, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн көйгөйлөрүн алып чыгууну көздөп турам. Аялдарга каршы зордук зомбулук да аз эмес биздин айылдарда. Эми элдик жыйындарда, айыл өкмөтүнүн иш-пландарын түзүүдө аялдардын укуктарын коргоочу иш-аракеттерди киргизүүнү сунуштайбыз жана аны ишке ашуруу үчүн аракеттерди жасайбыз.  Бизди окуткан Абдылдаева Жылдыз эжекеге чон ыраазычылыгымди билдиремин».

«Мен 31 жаштамын, С. Абракманов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштейм. Айылдык кенешке депутаттыкка коем деп ойлогон эмесмин. Бирок мектептеги балдарга жакшыраак шарт түзүү боюнча көп маселелерди көтөрүп жүргөндүгүм үчүн айыл тургундары мени депутаттыкка коюууга үндөштү. Үй булөөдө кайната, кайненем тарабынан каршылыктар болду, бирок жолдошум аракет кылып көрүүмдү колдоду. Андан кийин, бүгүнкү сыяктуу талапкер аялдарга өткөрүлүп жаткан окутууларга катыша баштадым. Ушундан улам менде да кызыгуу пайда болуп өзүм да жакшы даярданууга аракеттене баштадым. Бүгүнкү окуу жогорку денгээлде өткөрүлдү. Дагы ушундай көп-көп окууларды өткөзүп турушунуздарды суранам» - дейт Оргочор айылынын тургуну Алиева Асылгүль.