Тогуз-Булак айыл аймагында балдар үчүн жаңы спорт аянтчасы ачылды

03.04.2019 10:05
Бүгүнкү күндө КЖАПты ишке ашыруу аркылуу 500дөн ашуун жаштарга жана мектеп окуучуларына, алардын эс алуу, машыгуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Тогуз-Булак айыл аймагында балдар үчүн жаңы спорт аянтчасы ачылды

2019- жылдын 2-апрелинде, Түп районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Сары-Булун айылында, Тагаев атындагы мектепте жаштар үчүн чакан футбол жана волейбол ойноочу жаңы спорт аянтчасы ачылды. Аянтчасын куруу демилгеси Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун колдоосу менен жүзөгө ашырылды.

Аталган АО «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун пилоту катары айылдагы жаштарды жана мектеп окуучуларын   спорт жана эс алуу кызматы менен камсыз кылуу максатында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планын (КЖАП) иштеп чыккан.

Натыйжада аталган КЖАП долбоордун гранттык программасы тарабынан колдоого алынып, 1 040 000 сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилген. Ал эми 284 477 сом каражаты айыл өкмөту тарабынан өз салымы катары каржыланып, спорт аянтчасын куруу иш-чаранын жалпы суммасы 1.324.477 сомду түзгөн.

Долбоордун алкагындагы иш-чаралар негизинде Тагаев атындагы мектептин короосуна мини футбол жана волейбол спорттук аянчасы курулуп, тосмо тартылып, отургучтар жана жарыктандыруу системасы орнотулган.

Ачылыш аземинде ар бир команда өз формаларында аянтчага чыгып ар түрдүү оюндарды көрсөтүштү. Салтанаттуу аземдин коноктору спортко бир гана балдар эмес, кыздар да кызыкдар болгонуна күбө болушту. Айылдын тургундары азыркы убакта спорттук оюндарда кыздардын саны мурдагыдан кыйла көбөйгөнүн, жана жалан кыздардан турган волейбол командасы бар экенин баса белгилеп кетишти.

Айылдын аксакалдарынан бири Жидебаев Таалай, төмөнкүдөй пикирин билдирди: «Бүгүнкү күн Сары-Булун айылынын тургундары үчүн абдан салтанаттуу күн! Өзгөчө, биз балдар үчүн кубанып турабыз. Жаңы курулган спорт аянтчасы биздин жаштар чогулуп алып баскетбол, волейбол оюндарын ойноосуна жана чогуу убакыт өткөрө турган жерге айланды. Андан тышкары айылдын кыздарынан жана кыз-келиндеринен турган волейбол командалары да пайда болду. Азырга чейин эки айылдын кыз-келиндер командалары арасында турнир өткөргөнгө да жаетиштик. Биз спортто балдардын да кыздардын да катышуусун камсыз кылуу менен, алардын спортко болгон көз карашын өзгөртүү менен, алардын келечекте да спорт менен машыгуусуна жана өмүр бою ден-соолукта болуусуна салым кошот деп эсептейбиз.»

Бүгүнкү күндө КЖАПты ишке ашыруу аркылуу 500дөн ашуун жаштарга жана мектеп окуучуларына, алардын эс алуу, машыгуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жаштар үчүн спорт жана эс алуу кызматтарын көрсөтүү боюнча демилгелерди колдоо аркылуу, долбоор аянтча куруу максаты менен гана чектелбестен анын натыйжасында жетилген жана зор мааниге ээ болгон, өспүрүм кыздардын спортко жигердүү катышуусуна таасир берген максаттарга багытталган .