2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча улуттук иш-аракеттер планы бекитилди

06.11.2018 14:03
2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча улуттук иш-аракеттер  планы бекитилди

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2018-жылдын 16-октябры № 360-б

"Ачык Өкмөт" өнөктөштүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасы кабыл алган милдеттенмелерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

  1. 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча улуттук иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору:
  • бир айлык мөөнөттө Иш-аракеттер планына киргизилген милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча деталдуу ведомстволук иш-аракеттер пландарын иштеп чыгышсын;
  • Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылышсын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 226-б буйругу менен бекитилген Ачык Өкмөттүн Улуттук форумунун иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү боюнча маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берип турушсун.
  1. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев