2018-жылдын 11-12-октябырында Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Арал жана Липенка айыл аймактарында жакшыртылган кызматтардын ачылыш аземдери болуп өттү

15.10.2018 10:30
2018-жылдын 11-12-октябырында Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Арал жана Липенка айыл аймактарында жакшыртылган кызматтардын ачылыш аземдери болуп өттү

2018-жылдын 11-октябырында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында, кызматтарды жакшыртуу боюнча аракеттер планынын бир бөлүгү катары "Балыкчы шаарынын борбордук паркында эс алуу жана маданият иш-чараларын уюштуруу" боюнча ишке ашырылган пакртын ачылыш аземи болуп өттү. Паркты калыбына келтирүү үчүн багытталган каражаттын жалпы суммасы сегиз миллион сомду түзөт. Аталаган сумманын 50% “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан бөлүнсө, 50% жергиликтүү бийликтин өз салымы болуп эсептелет.

Парктын территориясын калыбына келтирүү алкагында 2,5 га жерге брусчатка төшөлүп, жарыктандыруу орнотулуп, айланасы тосмо менен тозулуп жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн да бөлүмдөрү бар ажаткана курулган. Ал эми парктын 4,5 м2 өлчөмүндөгү аянты оюн-зоок кызматтарынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жеке ишкерлерге ижарага берилет.

Норузбаева Дамира, Балыкчы шаарынын тургуну: - «Эки жыл мурун, парк кароосуз калган жер деп эсептелчү, себеби эс алуу үчүн эч кандай шарт жок болуп, жаман окуялар орун алган жерге айланган. Шаарда көл жээгинен тышкары, биз үчүн балдарыбыз, неберелерибиз менен бирге убакыт өткөрүүгө, башка жарандар менен сүйлөшүп отууруга парк же эс алуучу жайлар жокко эсе. Паркты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар башталаарын укканда, аябай кубандык. Мына эми айланасы тосмо менен тозулуп, жарыктандыруу жана скамейкалар орнотулуп калды. Кечинде, балдар менен паркка барганда, алар балдар үчүн аянтчаларда ойношот жана велосипед тебишет. Андан сырткары, парктын кээ бир аянттары батут жана башка аттракциондорду камсыз кылуу үчүн жеке ишкерлерге ижарага берилет деп айтылды. Эгер мындай боло турган болсо, биздин эс алуучу парк жыл бою эң көп келүүчү жайга айланат.»

Түп районунун Арал айыл аймагында 2018-жылдын, 12-октябырында, Арал жана Мин-Булак айылдарынын жаңы конуштарында ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системасынын ачылыш аземи орун алды. Жаңы конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Айыл өкмөт  пилоттук долбоорго катышуу менен, таза суу менен жаңы конуштардын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында учурда иштеп жаткан Арал суу системасын 3540 метр узундукка узартуу боюнча 4 200 135 сомдук жалпы планды жүзөгө ашырды. КЖАПтын бир бөлүгү катары, айыл өкмөтү ИСКАКБ "Белек" коомдук бирикмесинин кызматкерлери менен биргелешип атайын методика боюнча экономикалык жактан негизделген бааларды эсептеп чыгышты. Жаңыдан эсептелип чыккан төлөмдөр калк менен талкулоого коюлуп, коомдук угуу учурунда сунушталып, айылдык кеңештин жыйынында бекитилген. Мурунку баа, киши башына 25 сомду түзө, жаңы эсептөө боюнча төлөм 1 м3 үчүн 30 сомду түздү. Бухгалтердик эсептөө системасы жана абоненттерди эсептөө боюнча биллинг системасы орнотулду. ИСКАКБ ар бир кожолук короосуна суу ченегичтерди орнотуу аркылуу ичүүчү суу сарамжалдуулук менен мамиле жасоону камсыз кылуу менен бирге көрсөтүлгөн кызмат төлөмдөрүн чогултуу деңгээлин да жакшыртат. Бул долбоордун жардамы менен Арал жана Мин-Булак айылдарынын жаңы конуштарынын 530 тургуну таза суу менен камсыз болуп, жашоо шарты жакшырды.

Ашырматов Талант, Арал айылынын тургуну: - «Биз бул жерде канча жашабайлы, ичүүчү суу маселеси ар дайым көйгөйлүү маселе болуп келген. Сууну башка айылдан ташып, күнүмдүк колдонууга жете турган камдык жасоого аргасыз болот элек. Азыр болсо суу корообузга чейин киргизилип берилгени, бүт үй-бүлө үчүн зор кубаныч менен көп жеңилдиктерди алып келди!»

12-октябрда Липенка аймагынын Богатыровка айылында, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын жакшыртуу максатында ишке ашырылган пландын негизинде бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү.

Жети-Өгүз районунун Липенка айыл өкмөтү Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн ийгиликтүү кызматташуусунда, мектепке чейинки балдар үчүн билим берүү кызматтарын жакшыртуу үчүн грант утуп алган. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүү кызматтарды жакшыртуу иш-чаралар планы Богатыровка айылындагы мурдагы бала бакчаны калыбына келтирүү үчүн багытталган.

Бул тууралуу бала бакчанын директору, демилгени көтөргөн жумушчу тобунун мүчөсү Султаналиева Кымбат өз оюн билдирди: - «Буга чейин Липенка айыл аймагында бала бакча жок болчу. Учурда, кызматтарды жакшыртуу үчүн утуп алынган гранттын негизинде СССР доорунда корукка алынган жана абдан кейиштүү абалда калган балдар бакчасынын имараты толугу менен ремонттолуп, жаңы заманбап талаптарга жооп бере алган имаратка айланды. Мектепке чейинки балдар үчүн кеерктүү жабдуулар жана окуу материалдары сатып алынды.  Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмү тарабынан сабактардын расписаниеси жана мектепке чейинки мекеменин төлөмдөрү бекитилип берилди.»

Асаналы Буйлашев, Богатыровка айылынын тургуну: «Биз неберелерибиздин билим алып, үйрөнүүсү үчүн бала бакча ачылаарын угуп абдан кубандык. Мектепте чейинки куракта жакшы билим алган балдардын, кийин мектепте жана негизи эле жашоодо ийгиликтүү болоору эч кимге жашыруун эме.»