Баткен шаардык Мэриясы КЭУларды коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырууга жарыяланган конкурска катышууга чакырат

24.05.2018 10:01
КЭУ-аткаруучуну тандап алуу боюнча конкурска катышууга өтүнмөлөр 2018-жылдын 13-июнь күнү, түшкү саат 12-00гө чейин кабыл алынат.
Баткен шаардык Мэриясы КЭУларды коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырууга жарыяланган конкурска катышууга чакырат

Урматтуу коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) өкүлдөрү,

Баткен шаардык Мэриясы КЭУларды коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырууга жарыяланган конкурска катышууга чакырат. Бул заказ артыкчылыктуу көйгөйдү чечүүгө – Баткен шаарындагы көчөлөрдүн тазалыгы үчүн күрөшүүгө багытталган. КЭУ-аткаруучуну тандап алуу боюнча конкурска катышууга өтүнмөлөр 2018-жылдын 13-июнь күнү, түшкү саат 12-00гө чейин кабыл алынат. КПДны ишке ашырууга конкурска катышууга тиешелүү суроолор боюнча Баткен шаардык Мэриясынын өкүлдөрү менен байланыша аласыз. Тел. номуру: (0770) 28 03 56 же электрондук дарекке кат жазыңыз: meria-batken@mail.ru   

2017-жылы “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Жаңы Мыйзам коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен муниципалитеттин аймагында социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык заказды жайгаштырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уруксат берет. Баткен өлкөнүн башка муниципалитеттеринин ичинен мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга конкурс жарыялаган биринчи шаар болду. Мындан дагы толук маалыматты бул катка тиркелген пресс-релизден окуй аласыз.

Баткен шаары “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) өнөктөшү болуп саналат. Аталган Долбоорду USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы аркылуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылап, Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) ишке ашырат.

Аталган долбоордун алкагында ӨСИ өзүнүн башкаруу практикасына социалдык заказды киргизген өнөктөш шаарларга, аны менен катар ЖӨБ органдарына жана КЭУга долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында консультациялык колдоо көрсөтөт. Мындай колдоо артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоодон башталып, долбоорду тандап алып, анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен жыйынтыкталат.

ӨСИ бардык кызыкдар КЭУларды жарыяланган долбоор боюнча эки маанилүү иш-чарага катышууга чакырат. Алар:

  • a. Мамлекеттик социалдык заказ деген эмне?
  • b. Коомдук пайдалуу долбоор деген эмне жана КЭУ аны ишке ашырууга кантип катыша алат?
  • c. МСЗнын алкагында КЭУнун жардамы менен муниципалитеттер кандай социалдык маселелерди чече алышат?
  • d. МСЗнын алкагында коомдук пайдалуу долбоорду аткарууга өтүнмөнү кантип толтуруп, тапшырыш керек?
  • e. КЭУну карап чыгып, тандап алуунун жол-жоболору кандай болот?

Кызыкдар КЭУлар маалыматтык чогулушка жана тренингге катышуу үчүн 2018-жылдын 28-майына чейин төм. шилтеме боюнча каттоодон өтүшү керек: https://goo.gl/forms/sDoZKqBTMusWmgoq1       

Долбоордун бул иш-чараларына катышуу маселелери боюнча маалымат алуу үчүн тел. ном.: 976-530, 976-531 же электрондук дарекке кат жазыңыз: office@dpi.kg