Жер ресурстарын башкаруу: прогресс, көйгөйлөр, перспективалар

31.03.2015 16:11
2015-жылдын жазында Бишкекте жер ресурстарын жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча актуалдуу маселелер каралып чыкты.
Жер ресурстарын башкаруу: прогресс, көйгөйлөр, перспективалар

2015-жылдын жазында Бишкекте жер ресурстарын жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча актуалдуу маселелер каралып чыкты. Талкуу өткөрүү демилгесин “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) алкагында, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча эксперт Болот АСАНАКУНОВдун жана LBD – consulting уюмунун эксперти Венера БОЛТОБАЕВАнын катышуусу менен Өнүктүрүү саясат институту көтөрдү.

Маселелер жана тегерек столдун уюштуруучулары алдына койгон тапшырмалар КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, ЖӨБ орган жетекчилеринин жана айрым муниципалитеттердин айылдык кеңештеринин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБЭММАнын, МКнын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнүн жигердүү катышуусунда каралды. Тегерек столдун жүрүшүндө Венера БОЛТОБАЕВА катышуучуларга АЖМА жерлерин башкарууга, калктуу конуштардын жерлерин башкаруу жаатында, жерлердин трансформациялоого байланышкан көйгөйлөргө, ошондой эле түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жаатындагы көйгөйлөргө сереп жасады.

Муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү эксперт Болот АСАНАКУНОВ “Муниципалдык менчикти башкаруу” темасын сунуштады. Баяндама ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун пилоттук муниципалитеттериндеги коучингди изилдөөнүн конкреттүү жыйынтыктарына арналды. Аны менен катар муниципалдык менчикти башкаруу процесстерин жөнгө салган мыйзамдарга, муниципалитеттерде муниципалдык менчикти эффективдүү жана айкын башкарууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүү маселесине жана аспаптарына сереп жасалды.

Көл-Төр муниципалитетинин айыл өкмөт башчысы Кубанычбек АЗИЗОВ талап кылынбаган жерлерден көп жылдан бери топтолуп келаткан жер салыгын жыйноодо өнбөгөн калдык тууралуу айтып берди: “Талап кылынбаган жерлерге жер салыгы боюнча жыйымдын планы орнотулат, бирок ал аткарылбайт. Өз маалында жер реформасы жүрүп, анын жүрүшүндө жерлер жер үлүштөрүнө бөлүштүрүлгөн. Бирок алардын ичинен көбү бүгүнкү күндө иштетилген жок. Жерлерди трансформациялоо көйгөйүнө да токтолгум келүүдө. Биз – муниципалитет тараптан жер участокторун бир категориядан экинчисине, адатта жеке турак жай курулушу үчүн каралган жерлер категориясына которуу боюнча документтердин пакети даярдалууда. Документтер топтому Республикалык комиссияга жиберилет. Бирок кайра байланыш жок, маселелер жылдар бою чечилбей келатат”.

“Агрогоризонт” долбоорунун өкүлү Тамчыбек ТҮЛЕЕВ бүгүнкү күндө жер ресурстарын башкарган бирдиктүү мамлекеттик орган болбогонун белгиледи. Бирдиктүү орган өзүнө жер ресурстарын эффективдүү колдонууга, ошондой эле укуктарды мамлекеттик каттоого көзөмөл жүргүзүү боюнча бардык функцияларды айкалыштырыш керек. Анын айтымында, ижара акысынан түшкөн акчанын 10% ошол жерлерди жакшыртууга түшүш керек. Бирок бүгүнкү күндө бул норма аткарылбай келатат.

Юрьевка АӨ башчысы Бек ЖЕКШЕНБАЕВ кароосуз калган жерлерди тариздөөгө байланышкан мисалды келтирди: “Биздин айылда бүгүнкү күндө кароосуз жаткан жүздүн тегерегинде жер участоктору бар. Биз ошол жерлерди кароосуз калды деп танып берүү үчүн Мамкаттоо органдарына бир нече жолу кайрылдык. Бирок ал жакта ошол участоктордун менчик ээлери турган жердин дарегин же өлгөнү тууралуу аныктама катты талап кылышууда. Биз бул документтерди бере албайбыз. Анткени бул жерлер 2000-жылдардын башында эле берилген. Бул жерлерди биз 1 жылдык мөөнөткө суратып алганга чейин кыска мөөнөттүү ижарага берип келебиз. Бирок ижарадан түшүүлөр жогорулаганда ижара акысы да жогорулайт. Эсептөө палатасынын органдары жана прокуратура эмне үчүн биз ошол жерлерди кароосуз деп тариздебей келатканыбызды сурашууда”.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору Нарынбек ИСАБЕКОВ Жер кодекси жеке менчик институту киргенге чейин кабыл алынганын белгиледи. Ошондуктан Жер кодексине өзгөртүүлөр реактивдүү ыкма менен киргизилип жатат. Мунун натыйжасында бир топ көйгөйлөр пайда болду. “Биз Мамлекеттик актыларды – “кызыл” жана “көк” китепчелерди жоюу тууралуу сунушту даярдап жатабыз. Бул болсо кезекке жана тариздөөгө убакыт коротпостон, ар бир адам компьютерден документти басып чыгара алышы үчүн жасалууда”.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар Резолюция кабыл алышты. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чукул арада төмөнкүлөрдү ишке ашырууну сунуштайт: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер ресурстарын жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына анализ жүргүзүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон жер ресурстарын башкаруу жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана кенемтелерди жоюуга багытталган мыйзам долбоорлорун даярдап, Жогорку Кеңешке белгиленген тартипте киргизүүнү; АЖМФ жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу КР Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүнү. Аталган Жобо КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген жана төмөнкүлөрдү караштырат; Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна кирген жерлерди берүүдө лотторду жана баштапкы ижара акысын аныктоо методикасын; Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна кирген бузулган жер участокторун берүүнүн тартибин; Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна кирген жер участокторун үрөн өстүрүүчү, уруулук, эксперименталдык ж.б. чарбалыктарына берүүнүн тартибин; “Трансформациялоо жөнүндө” КР Мыйзамына жана республикалык комиссиянын жер участокторун которуу тууралуу арызды кароо тартибин жөнгө салган жер участокторун которуу трансформациялоо) тартиби жөнүндө Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу КР Мыйзам долбоорун иштеп чыгууну жана аны КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүнү.