"Тегерек стол": “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүнү оптималдаштыруу”

18.05.2015 11:33
Кошумча маалымат алуу үчүн Комитеттин бөлүм секторунун башчысы Шабдан Алишевге (0312) 63-92-57 телефон номери боюнча кайрыла аласыз.
"Тегерек стол": “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүнү оптималдаштыруу”

ПРЕСС - РЕЛИЗ
18-май 2015-жыл.

2015-жылдын 22-майында КР Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен биргеликте тегерек столдорду өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка киргизүү боюнча контролдук функцияларды ишке ашыруу максатында 2014-жылдын 25-ноябрында жана 28-ноябрында Бишкек менен Ош шаарларында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы көйгөйлөр” темасына кеңейтилген отурумдарды өткөргөн.

2015-жылдын 10-мартында Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети менен биргеликте “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүнү оптималдаштыруу” темасына биргелешкен отурум өткөрүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө талдоо жүргүзүү жана контролдук-көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү тартибин мыйзамдар менен жөнгө салуу отурумдун негизги максаты болду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган комитеттеринин отурумунда каралган маселелерди комплекстүү чечүү максатында Комитеттин 2014-жылдын 25-ноябрындагы жана 2015-жылдын 10-мартындагы чечимдери менен тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун ишинин натыйжасы боюнча даярдалган мыйзам долбоорлорунун бет ачарын өткөрүү жана аларды талкуулоо үчүн Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” Долбоору менен биргеликте 2015-жылдын 22-майында төмөнкү темаларда тегерек столдорду өткөрөт:

  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүнү оптималдаштыруу”,2015-жылдын 22-майында 9.30дан 12.30га чейин;
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу”,2015-жылдын 22-майында 14.00дөн 16.30га чейин.

Иш-чаралар төмөнкү дарек боюнча өтөт: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, №34, “Сити Отель” (Совет көч., “Физприбор” аялдамасы).

Жогоруда аталган маселелер боюнча мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин сайтында (http://kenesh.kg) коомдук талкуулар бөлүгүндө 2015-жылдын 7-майында жайгаштырылган.

Кошумча маалымат алуу үчүн Комитеттин бөлүм секторунун башчысы Шабдан Алишевге (0312) 63-92-57 телефон номери боюнча кайрыла аласыз.