Аналитика Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси

Аналитика Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси
21.12.2015 11:22, —
 Окуу адабият

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу” окуу материалдар топтомунун бешинчи бөлүгү болуп эсептелет.

ӨСИ башкаруу төрайымы Н.Добрецованын жалпы редакциясы алдында
Рецензент – Раханов Н., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси.
Кожошев А., Тюлюндиева Н.
К 58– Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси: Практикалык окуу китеби: “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу” окуу материалдарынын топтому. Бешинчи бөлүк. – Б.: Өнүктүрүү саясат институту, 2015. – 62 б. 

Кыргыз тилине которгон Зейнеп Алтымышова.

ISBN 978-9967-11-535-4

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу” окуу материалдар топтомунун бешинчи бөлүгү болуп эсептелет. 2015-жылы топтом Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген беш практикалык жана методикалык окуу китептеринен турат жана алар төмөнкү маселелерге арналган: 1) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын эсепке алуу; 2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо; 3) коомдук иш-чаралар (чогулуштар, жыйындар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы
катары; 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жергиликтүү жамааттын пландуу мониторинг жүргүзүп, үзгүлтүксүз баа берип туруусу; 5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси. Топтом кийинки жылдары жаңы окуу практикалык материалдар менен толукталып калышы ыктымал. 

Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексин баалоо методикасы бюджет айкындуулугунун эл аралык стандарттарына негизделген. Индекс өз ара байланыштагы үч багыт боюнча бюджет айкындуулугунун комплекстүү көрсөткүчү катары эсептелет: бюджеттик документтердин курамы, толуктугу жана ачыктыгы; калк үчүн бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгү (маалыматты жарандар арасында жайылтуунун ыкмалары жана бул иштердин эффективдүүлүгү) жана жарандардын бюджеттик процесске катышуусу. Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси бир жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин баалоо, экинчи жагынан жарандарды мониторинг жана баалоо процессине тартуунун аспабы катары колдонулат. Индексти төмөнкүлөр колдоно алат: бюджеттик системаны децентралдаштыруунун жүрүшүндө айкындуулукту арттыруу жана коомчулуктун ишенимин жогорулатуу үчүн өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; финансылык айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн эл аралык финансы институттары; коомдук көзөмөл жана коомдун катышуусун активдештирүү үчүн жергиликтүү жамааттар жана жарандык коом институттары; жарандарды агартуу, аларды башкарууга катышуу технологияларына окутуу үчүн массалык маалымат каражаттары. Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексин колдонуу мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эч кандай чыгашаларды талап кылбайт. Анын үстүнө өкмөт тарабынан атайын аракеттерди жана координацияны да талап кылбайт.

Бул басылма Швейцария өкмөтү менен Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги кызматташтыкта каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу менен чыкты. Басылмадагы ой-пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштамалар авторлордун позициясына жана тажрыйбасына таянат, бирок сөзсүз эле Швейцария өкмөтүнүн, Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин көз карашын чагылдыра бербейт.

К 1203020200-16 УДК 351/354
ISBN 978-9967-11-535-4 ББК 67.99(2)1

© Кожошев А., Тюлюндиева Н.
© Өнүктүрүү саясат институту, 2015

Бардык укуктар корголгон. Бул окуу китебин, же анын кайсы бир бөлүгүн ар кандай формада жана түрдүү электрондук же механикалык каражаттар менен, анын ичинде фотокөчүрүү, үн жаздыруу, сактап калчу түзүлүштөр жана маалымат издөө системасы аркылуу жайылткан учурда анын укук ээсине электрондук дарек боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз: NDobretsova@dpi.kg, Office@dpi.kg