Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү аракеттерин пландаштыруу

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү аракеттерин пландаштыруу
13.08.2015 09:58, —
 Окуу адабият

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу” окуу материалдар топтомунун экинчи бөлүгү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген практикалык окуу китеби.
Ш – 59 Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо / Практикалык окуу китеби / “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу” окуу материалдарынын топтому. Экинчи бөлүк. / Т. Осмонкулов, Р. Суранчиева, С. Градваль, Б. Орозбаев – Б.: Өнүктүрүү саясат институту, 2015. – 72 бет.

ISBN 978-9967-11-534-7

Кыргыз тилине Зейнеп АЛТЫМЫШОВА которду.

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу” окуу материалдар топтомунун экинчи бөлүгү болуп эсептелет. 2015-жылы топтом Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген беш практикалык жана методикалык окуу китептеринен турат жана алар төмөнкү маселелерге арналган: 1) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын эсепке алуу; 2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо; 3) коомдук иш-чаралар (чогулуштар, жыйындар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы
катары; 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жергиликтүү жамааттын пландуу мониторинг жүргүзүп, үзгүлтүксүз баа берип туруусу; 5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси. Топтом кийинки жылдары жаңы окуу практикалык материалдар менен толукталып калышы ыктымал.
Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттер планын жергиликтүү өнүгүүнү пландоо процессинде Кыргыз Республикасынын муниципалитеттери натыйжалуу колдонуп келаткан өткөөл аспап катары караштырат. Окуу китеби жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун жыйынтыктарына негизделген биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгуу процессин деталдуу түрдө сүрөттөйт. Анын жардамы менен биргелешкен аракеттер планы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө жана ишинде жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуунун чыныгы механизми болуп калууда. Окуу китеби планды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда тараптардын ролун сүрөттөйт, зарыл болгон өнүмдөрдүн жана документтердин мисалдарын камтыйт; ченемдик укуктук актылардын электрондук түрүндөгү жыйнагы менен жабдылган. Окуу китеби практикалык мүнөзгө ээ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иштерди өз алдынча уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Практикалык окуу китеби биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарына, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө, жарандык коом уюмдарына, эл аралык донордук жардам көрсөтүү долбоорлоруна, изилдөөчүлөргө жана окутуучуларга даректелет. Окуу китеби элеттик муниципалитеттердин тажрыйбасына таянганына карабастан ал Кыргыз Республикасынын чакан шаарларында да ийгиликтүү колдонулса болот.

Бул окуу китеби Өнүктүрүү саясат институтунун буюртмасы боюнча аткарылган гендердик экспертизадан өткөрүлдү жана аны гендердик эксперт Жаңыл АБДЫЛДАБЕК кызы жүргүздү. 

Бул басылма Швейцария өкмөтү менен Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги кызматташтыкта каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу менен чыкты. Басылмадагы ой-пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштамалар авторлордун позициясына жана тажрыйбасына таянат, бирок сөзсүз эле Швейцария өкмөтүнүн, Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин көз карашын чагылдыра бербейт. 

Ш 1203020200-15
УДК 351/354
ББК 67.99(2)1
ISBN 978-9967-11-534-7

© Т. Осмонкулов, Р. Суранчиева, С. Градваль, Б. Орозбаев.
© Өнүктүрүү саясат институту, 2015

Бардык укуктар корголгон. Бул окуу китебин, же анын кайсы бир бөлүгүн ар кандай формада жана түрдүү электрондук же механикалык каражаттар менен, анын ичинде фотокөчүрүү, үн жаздыруу, сактап калчу түзүлүштөр жана маалымат издөө системасы аркылуу жайылткан учурда анын укук ээсине электрондук дарек боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз: NDobretsova@dpi.kg, Office@dpi.kg