• Биринчи бет ·
  • Блог ·
  • Электрондук сатуу аянтчасын ишке киргизүү муниципалдык объектилердин наркынын түзүлүшүн түшүнүктүү...

Электрондук сатуу аянтчасын ишке киргизүү муниципалдык объектилердин наркынын түзүлүшүн түшүнүктүү жана ачык кылып, аукциондордун жыйынтыктары мындан ары жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн алда канча эсеге жогорулатат

Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкарма төрайымы
автор:
Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкарма төрайымы
19.04.2019 14:02

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев 2019-жылдын 1-апрелинде "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү" тууралуу Токтомго кол койду.

Бул кадам эмнеге багытталган?

Эң биринчи кезекте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчикти башкаруудан жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн алышат.

Экинчиден, бул муниципалдык менчик объектилерин сатуу жана ижарага берүүдөгү наркын рынок баасына теңдештирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Анткени МКК сайтында жеткиликтүү болгон талдоонун жыйынтыктарына ылайык, муниципалдык жерлер жана кыймылсыз мүлк объектилери коммерциялык рыноктогу ошондой эле объектилерден алда канча арзан сатылып же ижарага берилип жаткандыгы анык болду. Анын натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аукциондорду өткөрүүдө муниципалдык менчик объектилеринин баштапкы баасын төмөндөтүп же макулдашылган аукциондорду өткөрдү, ошондуктан жергиликтүү бюджетке акча жетишпей жатат деген күмөн саноолорду жараткан учурлар да кездешет. Биздин баамыбызда акыркы жылдары муниципалдык менчиктеги объектилердин сатуу жана ижарага берилүүдөгү наркы төмөн болгондуктан, жергиликтүү бюджеттерге миллиард сомго жакын акча каражаттары түшпөй калган. Башкача айтканда, электрондук сатуу аянтчасын ишке киргизүү объект наркынын түзүлүшүн түшүнүктүү жана ачык кылып, аукциондордун жыйынтыктары мындан ары жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн алда канча эсеге жогорулатат.