12.02.2026 14:30
2026-жылдын 10-февралында Ноокат районунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу райондук бизнес-форум өткөрүлүп, ал бийлик, бизнес жана коомчулук ортосундагы практикалык диалог аянтчасы болуп кызмат кылды. Иш-чарага 52 адам катышты, алардын 28и аялдар – ишкерлер, банк секторунун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, жаштар жана социалдык жактан аялуу топтордун өкүлдөрү болду.