Аялдар, жаштар жана ишкерлер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар Ат-Башы районунда өттү

26.02.2026 10:10
2026-жылдын 24-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда “Кыргызстандын айылдык аймактарындагы аялуу топтордо финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана инвестициялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү” темасында семинар өттү.
Аялдар, жаштар жана ишкерлер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар Ат-Башы районунда өттү

Семинарды Өнүктүрүү саясат институту өткөрүп, ал улуу британия өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын алкагында, райондук Координациялык кеңештин демилгеси менен уюштурулду.

Семинарга 31 адам катышып, алар финансылык пландоонун, бюджет түзүүнүн, бизнес-пландаштыруунун негиздери жана жеткиликтүү каржылоо булактары менен таанышты.

“Эми мен финансыларды кантип туура пландап, тобокелчиликтерди баалоону жакшыраак түшүндүм”, – деп белгиледи ишкер Усенова Т.

“Алынган билимдер бизнесин өнүктүрүүгө жана жеке финансылык тартипке башкача көз караш менен кароого жардам берет”, – деп кошумчалады ишкер Жумабаев М.

Кыргызстандагы айылдык муниципалитеттер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча семинарлар 2026-жылдын 22-январында башталган. Иш-чаралар финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, жеке жана бизнес-финансыларды башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана инвестиция тартууга багытталган демилгелерди даярдоо максатында өткөрүлүүдө.