Кадамжайдагы инвестициялык форум: инвестициялык потенциалды илгерилетүү жана жаңы өнөктөштүктөр

14.03.2026 10:53
Кошумча маалымат алуу үчүн: Бакай Молдошев, bmoldoshev@dpi.kg
Кадамжайдагы инвестициялык форум: инвестициялык потенциалды илгерилетүү жана жаңы өнөктөштүктөр

2026-жылдын 13-мартында Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Кадамжай – инвестициялар жана туруктуу өнүгүү аймагы» аттуу инвестициялык форум болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, бизнес коомчулугу, финансылык институттар, жарандык жана донордук уюмдар, ошондой эле ишкерлер жана жаштар катышты. Жалпысынан форумга 121 катышуучу чогулду.

Форум Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук Координациялык кеңеш тарабынан Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылган EGED программасынын техникалык колдоосу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен уюштурулду.

Форумду ачып жатып, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы БАЯКЕ уулу Болоткан ишкердикти өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи: “Мындай иш-чаралар бийлик өкүлдөрүн, бизнес жана инвесторлорду бир аянтчага бириктирип, келечектүү долбоорлорду талкуулоого жана райондун экономикасын өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого шарт түзөт”.

Иш-чаранын негизги максаты Кадамжай районунун инвестициялык потенциалын илгерилетүү, келечектүү инвестициялык долбоорлорду сунуштоо жана мамлекеттик түзүмдөр, бизнес жана инвесторлор ортосундагы кызматташууну чыңдоо болду. Катышуучулар ишкердикти өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, мамлекеттик колдоо механизмдерин жана бизнес демилгелерин ишке ашырууга багытталган каржылык инструменттерди талкуулашты.

Форумдун алкагында жергиликтүү өндүрүүчүлөр: «Охна Фрутс» кооперативи, жемиш кургатуу менен алектенген «ALPELDEN» компаниясы, мөмө пастиласын өндүргөн «Giza Fruits», «Жаннат таттулары» кондитердик цехи, «Аруузат Айымдар» бирикмесинин кол өнөрчүлөрү, ошондой эле табигый косметика, минералдык суу жана декоративдүү өсүмдүктөрдү өндүргөн ишкерлер өз продукцияларын көрсөтүштү. Көргөзмө райондун айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана чакан ишкердикти өнүктүрүү боюнча олуттуу потенциалы бар экенин көрсөттү.

Форумдун жүрүшүндө «жашыл экономика» багытындагы инвестициялык долбоорлор да сунушталды. Алардын катарына кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча демилгелер кирет. Айрыкча Ак-Суу дарыясында кичи гидроэлектр станциясын жана күн электр станциясын куруу долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду. Бул демилгелер аймакта туруктуу энергетиканы өнүктүрүүгө жана экономиканын туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Форумдун негизги жыйынтыгы – Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы менен инвестициялык компаниялардын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумдардын кол коюлушу болду. Бул келишимдер энергетика жана инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Аталган демилгелер инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кадамжай районунун туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.