2026-жылдын 3-мартында Бишкек шаарында “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК (МЛК) менен “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин (ӨСИ) ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземине МЛК башкармалыгынын төрагасы Темирбеков Медер жана ӨСИ башкармалыгынын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Бекболот Бекиев кол коюшту.
Кызматташуунун максаты – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун жана аймактарын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу мамлекеттик программаларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик лизинг инструменттерин колдонуу аркылуу ЖӨБ органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
Кызматташтык биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну, лизинг механизмдери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнү, ЖӨБ өкүлдөрүнө консультациялык колдоо көрсөтүүнү, аналитикалык жана статистикалык маалымат алмашууну, ошондой эле жумушчу топторду түзүүнү жана биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгууну камтыйт.
Тараптар, кошумча макулдашылбаган учурларды эске албаганда, демилгелерди ишке ашырууда өз чыгымдарын өздөрү көтөрүшөт.
Бул кызматташтык ЖӨБ органдарынын заманбап каржылык инструменттерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтет, алардын инвестициялык даярдыгын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатат деп күтүлүүдө. Узак мөөнөттүү келечекте бул аймактардын туруктуу өнүгүшүнө жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
