Семинардын негизги максаты – калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, инвестициялык ой жүгүртүүнү калыптандыруу жана аялдарга, жаштарга, ишкерлерге жана аярлуу топтордун өкүлдөрүнө жеке жана бизнес-каражатты натыйжалуу башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү берүү болду. Семинарга райондун 60тан ашык тургуну катышып, алардын олуттуу бөлүгүн аялдар түзүп, алар каржылык пландаштыруу, бизнести инвестиция тартууга даярдоо, ошондой эле каржылоонун жеткиликтүү булактары – мамлекеттик программалар, гранттар жана жеке инвестициялар тууралуу кеңири маалымат алышты. Иш-чаранын алкагында билимдерди практикалык колдонууга жана бизнес-демилгелердин инвестициялык даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Ишкер Өзгөнов А. семинардын практикалык багытын жогору баалап: “Бул семинар каржыны башкарууга башкача көз караш менен кароого жардам берди. Каржыны пландаштыруунун маанилүүлүгүн жана ойлонулбаган насыялардан сак болуу керектигин түшүндүм”, – деп белгиледи.
Студент Турсунбаева Ф. мындай окутуулардын жаштар үчүн маанисин баса белгилеп өттү: “Семинарда мен келечекти азыртан ойлоп, каржылык сабаттуу болуунун жолдорун үйрөндүм”.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар мындай окутуулар жергиликтүү деңгээлде абдан зарыл экенин белгилеп, инвестициялык ишмердүүлүккө кызыгуу артканын жана алынган билимдерди практикада колдонууга даяр экенин билдиришти.
Маалымат үчүн: Кыргызстандагы айылдык муниципалитеттер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча семинарлар 2026-жылдын 22-январында башталган. Иш-чаралар райондук мамлекеттик администрациялардын колдоосу менен Координациялык кеңештер тарабынан демилгеленген. Толугураак: https://dpi.kg/ky/press-room/news/full/2225.html
