Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №369 “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу катары таануу жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулду.
Фестивалдын максаты – ак илбирсти жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу, экологиялык маданиятты калыптандыруу, ошондой эле экотуризмди жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланууну илгерилетүү болду. Иш-чарага 600дөн ашык адам, анын ичинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, экологиялык жана коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, туроператорлор, жергиликтүү тургундар, жаштар жана аймактын коноктору катышты. Тажрыйба алмашуу максатында Кемин районунан делегация да келди.
Фестивалдын ардактуу коногу Беларусь Республикасынан келген Оксана Лазитская – “Ысык-Көл – жан дүйнөм” гимнинин автору болуп, бул иш-чарага эл аралык маданий өңүт берди.
Фестивалдын негизги учурларынын бири Чоң-Кызыл-Суу аймагындагы нефрит ташы жайгашкан туристтик локацияга алып баруучу көпүрөнүн салтанаттуу ачылышы болду. Катышуучуларга нефриттин баалуулугу жана бул аймактын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берилди. Аталган локация “Жети-Өгүздүн жети керемети” концепциясына киргизилген.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин коноктор фестиваль өтүүчү жайга ат унаалар менен жөнөштү. Узундугу болжол менен 800 метрди түзгөн бул маршрут катышуучуларга салттуу маданияттын атмосферасын сезүүгө жана аймактын жаратылышын жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Өрөөндө ак илбирстин макеттери орнотулуп, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмөсү, ошондой эле Жети-Өгүз районунун мектеп окуучулары даярдаган сүрөттөрдүн жана макеттердин экспозициясы уюштурулду. Коноктор үчүн активдүү эс алуу зоналары иштеп, Чоң-Суу дарыясынын жээгиндеги муз аянтчасында чана, тюбинг жана коньки тебүүгө шарт түзүлдү.
Маданий программа К. Жантөшев атындагы Каракол драма театрынын жаратылышты коргоо жана ак илбирстин символдук маанисине арналган сахналаштырылган көрсөтүүсү менен толукталды. Ошондой эле сүрөттөр жана макеттер боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланып, сыйлыктарды Жети-Өгүз районунун акими Э. Бахавадинов тапшырып, мындай демилгелер туризмди өнүктүрүүдө жана экологиялык маданиятты чыңдоодо маанилүү экенин белгиледи.
Фестиваль концерттик программа менен жыйынтыкталды.
“Ак илбирсти сактоо-2026” фестивалы Жети-Өгүз районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨП) туризм багыты боюнча негизги иш-чаралардын бири катары киргизилген. Программа EGED программасынын колдоосу менен иштелип чыккан, ал эми райондук Координациялык кеңештин мүчөлөрү фестивалды даярдоого активдүү катышып, аял ишкерлердин жана социалдык жактан аярлуу топтордун өкүлдөрүнүн продукциялары коюлган жарманке аянтчасын уюштурушту.
