«Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмеси «Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк Программасынын (мындан ары – Программа) алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматташууга чакырат.
Кызматташуу маселеси: жергиликтүү демилгелерди каржылоо аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн активдүү катышуусун камсыз кылуу жолу менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
Программанын катышуучу болуу ниети жөнүндө аткаруучу жана өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен чечим чыгарышы керек. Айыл өкмөт башчысы/мэр жана жергиликтүү кеңештин төрагасы кол койгон кызыкдарлык катты Программага берилиши керек (каттын үлгүсү 1-тиркемеде берилген).
Конкурс боюнча кеңири маалымат жана 1-тиркеме төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://dpi.kg/ky/about/tenders/full/409.html
Даярдалган кат жана толтурулган тиркемелер 2026-жылдын 16-февралына чейин, саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт:
г. Бишкек, Шевченко көч. 114
же электрондук дарекке: office@dpi.kg
Тандоо жыйынтыктары 2026-жылдын 25-февралына чейин жарыяланат.
Бардык катышуучуларга билдирүү-кат жөнөтүлөт.
******
Кошумча суроолор боюнча кайрылуу үчүн:
Мирлан Молдобеков
Тел.: (0312) 976530 (ич. 107)
Моб.: (0500 / 779) 218883