Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кызматташтыкка чакыруунун сунушу

30.01.2026 21:34 — 30.01.2026 21:34

Өнүктүрүү саясат институту «Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк» Программасынын алкагында ЖӨБ органдарын кызматташтыкка чакырат.

Максат— жергиликтүү демилгелерди каржылоо жана жарандардын активдүү катышуусу аркылуу жергиликтүү бюджетти башкаруунун ачык-айкындуулугун  жана натыйжалуулугун жогорулатуу. 

 

I. ЖӨБ органдары эмнелерге ээ болушат? 

• Жашоочуларды тартуу боюнча  иш-жүзүндөгү тажрыйбаларды жана жергиликтүү демилгелерди бюджет эсебинен тандоо/каржылоо     ыкмаларын өздөштүрүшөт. 

• Жергиликтүү жамаат менен  артыкчылыктуу тапшырмаларды аныктоо жана чечүү боюнча туруктуу өнөктөштүктү түзүшөт. 

• Бюджеттик каражаттарды пландаштыруунун, бөлүштүрүүнүн жана башкаруунун сапаты жогорулайт. 

• Сынактарга жана гранттык программаларга катышуу мүмкүнчүлүгү. 

• Башка муниципалитеттердин ийгиликтүү тажрыйбаларын  изилдөөгө жол ачылат. 

 

II. Кимдер катыша алат? 

Төмөнкү шарттарды аткарган мэриялар жана айыл өкмөттөрү: 

• жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышуусун күчөтүүгө кызыкдар; 

• жергиликтүү жамаат менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырып жаткан же мурда ишке ашырган; 

• жергиликтүү демилгелерди каржылоо үчүн бюджеттен каражат бөлүүгө даяр. 

 

III.Арызды кантип берүү керек? 

Кадам 1. 

ЖӨБдүн аткаруу жана өкүлчүлүк органдары Программага катышуу боюнча биргелешкен чечим кабыл алышы керек. 

Айыл өкмөтүнүн башчысы/мэр жана жергиликтүү кеңештин төрагасы колдору коюлган кызыкчылык катын даярдоо (Жүктөө: үлгүсү — 1-тиркемеде). Катка ЖӨБ органынын  жаңыланган паспорту  тиркелеши тийиш. 

Кадам 2. 

2026-жылдын 16-февралынын, саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке катты жана тиркемелерди жөнөтүү: 

Бишкек шаары, Шевченко көчөсү 114 

Тел.: +(996 312) 976 530, 976 531, 976 532 

E-mail: office@dpi.kg 

Тандоонун жыйынтыктары 2026-жылдын 25-февралына чейин жарыяланат. 

Бардык катышуучулара билдирүү кат  алышат. 

 

*****

Байланыштар 

Кошумча суроолор боюнча: 

Мирлан Молдобеков 

Тел.: (0312) 97 65 30 (ич. 107) 

Моб.: (0500 / 779) 218 883