Өнүктүрүү саясат институту «Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк» Программасынын алкагында ЖӨБ органдарын кызматташтыкка чакырат.
Максат— жергиликтүү демилгелерди каржылоо жана жарандардын активдүү катышуусу аркылуу жергиликтүү бюджетти башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
I. ЖӨБ органдары эмнелерге ээ болушат?
• Жашоочуларды тартуу боюнча иш-жүзүндөгү тажрыйбаларды жана жергиликтүү демилгелерди бюджет эсебинен тандоо/каржылоо ыкмаларын өздөштүрүшөт.
• Жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу тапшырмаларды аныктоо жана чечүү боюнча туруктуу өнөктөштүктү түзүшөт.
• Бюджеттик каражаттарды пландаштыруунун, бөлүштүрүүнүн жана башкаруунун сапаты жогорулайт.
• Сынактарга жана гранттык программаларга катышуу мүмкүнчүлүгү.
• Башка муниципалитеттердин ийгиликтүү тажрыйбаларын изилдөөгө жол ачылат.
II. Кимдер катыша алат?
Төмөнкү шарттарды аткарган мэриялар жана айыл өкмөттөрү:
• жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышуусун күчөтүүгө кызыкдар;
• жергиликтүү жамаат менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырып жаткан же мурда ишке ашырган;
• жергиликтүү демилгелерди каржылоо үчүн бюджеттен каражат бөлүүгө даяр.
III.Арызды кантип берүү керек?
Кадам 1.
ЖӨБдүн аткаруу жана өкүлчүлүк органдары Программага катышуу боюнча биргелешкен чечим кабыл алышы керек.
Айыл өкмөтүнүн башчысы/мэр жана жергиликтүү кеңештин төрагасы колдору коюлган кызыкчылык катын даярдоо (Жүктөө: үлгүсү — 1-тиркемеде). Катка ЖӨБ органынын жаңыланган паспорту тиркелеши тийиш.
Кадам 2.
2026-жылдын 16-февралынын, саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке катты жана тиркемелерди жөнөтүү:
Бишкек шаары, Шевченко көчөсү 114
Тел.: +(996 312) 976 530, 976 531, 976 532
E-mail: office@dpi.kg
Тандоонун жыйынтыктары 2026-жылдын 25-февралына чейин жарыяланат.
Бардык катышуучулара билдирүү кат алышат.
*****
Байланыштар
Кошумча суроолор боюнча:
Мирлан Молдобеков
Тел.: (0312) 97 65 30 (ич. 107)
Моб.: (0500 / 779) 218 883