Кемин районунун келечеги: 2025–2027-жылдар үчүн жаңы өнүгүү багыты

28.02.2025 17:56
2025-жылдын 28-февралында Кемин районунун тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири болуп өттү. Бул күнү 2025–2027-жылдар үчүн райондун Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) бекитүү боюнча масштабдуу коомдук угуулар өткөрүлдү.
Кемин районунун келечеги: 2025–2027-жылдар үчүн жаңы өнүгүү багыты

Коомдук угууну өткөрүүнү Кемин райондук мамлекеттик администрациясы демилгелеп, аны өткөрүү чечими 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн атайын семинарда кабыл алынган1

Иш-чарага 200дөн ашуун мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, темага чоң кызыгуу бар экенин дагы бир жолу тастыкташты.

Кемин районунун 2025-2027-жж. үчүн түзүлгөн Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) жумушчу топ тарабынан КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан бекитилген жаңы методологиянын негизинде түзүлүп, ал негизги 5 багытты камтыды:

  1. Экономикалык өсүш жана жумушчу орундарды түзүү
  2. Энергетикалык коопсуздук жана жашыл технологиялар
  3. Айыл чарбасын жана жергиликтүү рынокту өнүктүрүү
  4. Туризм – экономикалык өсүштүн драйвери катары
  5. Инфраструктураны модернизациялоо жана кызматтардын сапатын жакшыртуу

СЭӨПнын негизги максаты – экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана жергиликтүү калктын муктаждыктарын эске алуу акрылуу жашоо сапатын жогорулатуу.

Документти даярдоо учурунда коомдук талкуулар уюштурулуп, андан соң эксперттер жана активисттердин катышуусунда семинар өткөрүлүп, натыйжада тургундардын сунуш-пикирлери жана адистердин ойлору эске алынып, алардын айтымында, бул программа район тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган натыйжалуу чечимдерди камтыган.

28-февралда өткөрүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча 2025-2027-жылдарга карата райондун СЭӨПсы Кемин районунун жетекчилиги тарабынан расмий түрдө бекитилди. Бул – аталган программа райондук деңгээлдеги тиешелүү түзүмдөр тарабынан ишке ашырыла баштайт дегенди билдирет. 

Райондук деңгээлде өткөрүлгөн бул коомдук угуу Кемин районунун узак мөөнөттүү өнүгүүсүн пландаштырууда маанилүү кадам болуп калды. Ошондой эле, мамлекеттик органдар менен коомчулуктун активдүү катышуусу айкын жана инклюзивдүү мамиленин маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү.

Коомдук угуулар Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта ишке ашырылган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED) алкагында өткөрүлдү. Программа тууралуу кененирээк: www.eged-ca.org 

_______________ 

1 https://dpi.kg/ru/press-room/news/full/2095.html 

Проект: