“100 лидер айым” программасы: теңчиликке жана өнүгүүгө жаңы кадам!

29.11.2024 09:57
БАЖБА жана КРПМБА аялдардын лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган “100 лидер аял” уникалдуу билим берүү программасын демилгеледи.
“100 лидер айым” программасы: теңчиликке жана өнүгүүгө жаңы кадам!

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын азыркы жана келечектеги лидерлери болгон аялдардын лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган “100 лидер аял” уникалдуу билим берүү программасы ишке кирүүдө.

Программа КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (АМУЦА) биргелешкен демилгеси болуп саналат жана КР 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат.

Программа КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте “КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү[1] тарабынан Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосунда жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын өздүк каражаттарынын эсенинен ишке ашырылууда.

Программа жөнүндө:

Программа атайын кадрдык резервдеги (региондук, муниципалдык жана ведомстволук) аял лидерлердин кесиптик потенциалын жогорулатууга, алардын башкаруу жөндөмүн жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган. Катышуучулар насаатчылардын жетекчилиги астында окутуу, кесиптик өсүү жана өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү алышат.

Программанын мөөнөтү жана форматы:

Программанын биринчи цикли 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын мартына чейин созулуп, төмөнкү форматтарды камтыйт:

Программанын артыкчылыктары:

Кантип катышуу керек?

______________ 

[1] "КР жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүктүн курамына «Өнүктүрүү саясат институту» КБси, «Кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы» кирет. Өнөктөштүк Кыргызстандын муниципалитеттеринин жергиликтүү өнүгүүсүнө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган реформаларды колдоо үчүн инфраструктура, ресурс катары түзүлгөн жана Швейцария Өкмөтүнүн жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен иш алып барат.

Скачать: