“КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгү “Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо” гранттык конкурс жарыялайт

20.05.2024 10:38
Конкурс 2024-жылдын 30-июнуна чейин созулат жана жергиликтүү демилгелерди, анын ичинде аялдардын жана жаштардын лидерлигин колдоого багытталган.
“КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгү “Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо” гранттык конкурс жарыялайт

Конкурс Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы демилгелүү топторунун демилгелерин каржылоо жолу менен жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессинде айылдык жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртууга активдүү катышуусуна дем берүү максатында өткөрүлүүдө.

Конкурска жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте демилгелүү топтор, анын ичинде аялдар жана жаштар чакан гранттар программасынын талапкерлери боло алышат. Катышууну каалаган Демилгелүү топтор бул шилтеме аркылуу өтүп, форма боюнча белгиленген тартипте кайрылышы керек: https://dpi.kg/ky/about/tenders/full/336.html 

Бир демилгелүү топ үчүн гранттын суммасы 130 000 сомду түзөт. Өтүнмөнүн ээси Конкурска бирден ашпаган долбоордук өтүнмөнү жибере алат жана бирден ашпаган грантты ала алат.

Демилгелүү топтор, анын ичинде аялдар жана жаштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте грантка долбоордук өтүнмөнү толтурушат (1-тиркеме: Грантка долбоордук өтүнмөнүн формасы) жана аны 2024-жылдын 30-июнь күнү, саат 18:00гө чейин Өнөктөштүккө мүчө болгон уюмдун – ӨСИнин кеңсесине жиберүүгө тийиш. Дареги: Бишкек шаары, Шевченко көчөсү, 114-үй, III кабат. Ошондой эле өтүнмөнү электрондук вариантта smairambekov@dpi.kg электрондук дарегине жиберсе болот.

Өнөктөштүк долбоордук өтүнмөнүн формасынын туура толтурулушун камсыз кылуу үчүн онлайн форматта 4 жолу консультация өткөрөт. Онлайн консультацияларды берүү максатында Whatsapp’та тайпаларды түзүү үчүн өтүнмө ээлери Жылдыз Керимованы кабардар кылышы керек. Ж. Керимова менен байланышуунун жолдору: 0555 432 660, 0770 432 660; (0312) 97-65-30 (102), же электрондук почтасына кат жаза аласыз: jkerimova@dpi.kg