“Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо” гранттык конкурс

20.05.2024 09:30 — 30.06.2024 18:00

Конкурс 2024-жылдын 30-июнуна чейин созулат жана жергиликтүү демилгелерди, анын ичинде аялдардын жана жаштардын лидерлигин колдоого багытталган.

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгү (мындан ары – Өнөктөштүк)

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТЫН ДЕМИЛГЕЛЕРИН КОЛДОО”

айылдык жамааттарда турмуш шарттарын оңдоо максатында
гранттык конкурс жарыялайт

 

Конкурстун негизги максаты – Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы демилгелүү топторунун демилгелерин каржылоо жолу менен жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессинде айылдык жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртууга активдүү катышуусуна дем берүү.

Конкурстун өтүнмө ээлери

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте демилгелүү топтор, анын ичинде аялдар жана жаштар чакан гранттар программасынын талапкерлери боло алышат. Демилгелүү топтор бул жерде форма боюнча белгиленген тартипте кайрылышы керек: Конкурс жөнүндө жобону жана өтүнмөнүн формасын бул жерден жүктөп алса болот.

Гранттын суммасы

Бир демилгелүү топ үчүн гранттын суммасы 130 000 сомду түзөт. Өтүнмөнүн ээси Конкурска бирден ашпаган долбоордук өтүнмөнү жибере алат жана бирден ашпаган грантты ала алат.

Конкурстук комиссия

Жеңүүчүлөрдү Конкурстук комиссия аныктайт. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын, Өнүктүрүү саясат институтунун жана тиешелүү чөйрөдө иш алып барган өнүктүрүү долбоорлорунун өкүлдөрү кирет.

Конкурстук комиссиянын кароосуна бардык талаптарга жооп берген долбоордук өтүнмөлөр, грантка өтүнмөнүн формасынын бардык пункттары жана пунктчалары толтурулган толук өтүнмөлөр киргизилет. Эгерде гранттык өтүнмөнүн бир эле пункту толтурулбаса же толук толтурулбаса, катчылык бул гранттык өтүнмөнү комиссиянын кароосуна киргизбейт.

Долбоордук өтүнмөнү берүүнүн мөөнөтү

Демилгелүү топтор, анын ичинде аялдар жана жаштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте грантка долбоордук өтүнмөнү толтурушат (1-тиркеме: Грантка долбоордук өтүнмөнүн формасы) жана аны 2024-жылдын 30-июнь күнү, саат 18:00гө чейин Өнөктөштүккө мүчө болгон уюмдун – ӨСИнин кеңсесине жиберүүгө тийиш. Дареги: Бишкек шаары, Шевченко көчөсү, 114-үй, III кабат. Ошондой эле өтүнмөнү электрондук вариантта smairambekov@dpi.kg электрондук дарегине жиберсе болот.

Өнөктөштүк долбоордук өтүнмөнүн формасынын туура толтурулушун камсыз кылуу үчүн онлайн форматта 4 жолу консультация өткөрөт. Онлайн консультацияларды берүү максатында Whatsapp’та тайпаларды түзүү үчүн өтүнмө ээлери Жылдыз Керимованы кабардар кылышы керек. Ж. Керимова менен байланышуунун жолдору: 0555 432 660, 0770 432 660; (0312) 97-65-30 (102), же электрондук почтасына кат жаза аласыз: jkerimova@dpi.kg

ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫНЫН КОНКУРСТУК ДОКУМЕНТТЕРИ: