Кыргызстанда тынчтык демилгелерин жана позитивдүү саясий маданиятты илгерилетүү боюнча «Ынтымактуу жашоо» долбоору башталат

21.05.2021 16:18
Бул долбоордун максаты жигердүү жаштарды, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын социалдык чыр-чатактардын алдын алуу, укук тартибин сактоо жаатында колдоо, ошондой эле Кыргызстандын 25 тандалып алынган аймактарында медиация көндүмдөрүнө окутуу болуп саналат.
Кыргызстанда тынчтык демилгелерин жана позитивдүү саясий маданиятты илгерилетүү боюнча «Ынтымактуу жашоо» долбоору башталат

International Alert эл аралык уюму Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө Европа Бирлиги тарабынан каржыланган «Ынтымактуу жашоо» долбоорун баштайт. Бул долбоордун максаты жигердүү жаштарды, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын социалдык чыр-чатактардын алдын алуу, укук тартибин сактоо жаатында колдоо, ошондой эле Кыргызстандын 25 тандалып алынган аймактарында медиация көндүмдөрүнө окутуу болуп саналат.

Долбоордун алкагында изилдөө жүргүзүү пландаштырылууда жана анын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү деңгээлдеги жарандык коом жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн чыр-чатактарга сезгичтик, алдын алуу жолдору, социалдык чыр-чатактарды ыкчам алдын алуу жана чечүү, адам укуктары жана медиация боюнча окутуу программасы иштелип чыгат.

«Биз жергиликтүү жамааттардагы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу боюнча демилгелерди колдогонубузга кубанычтабыз. ЕБ үчүн мындай максаттуу долбоорлор аркылуу стабилдүүлүккө жана элдин биримдигине өз салымын кошуу маанилүү. Долбоор алкагында жергиликтүү деңгээлде башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн колдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан гранттар да берилет», - деп белгиледи ЕБ өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында укук тартибин жана мыйзамдуулукту сактоо, региондор жана улуттар аралык же башка араздашууларга алып келген социалдык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча көндүмдөрдү жакшыртуу маселелери жогорку деңгээлде талкууланат.

«Биздин максатыбыз тынчтыкты көздөгөн жаштар кыймылдарын камтыган күчтүү жарандык коомду куруу жана чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу болуп саналат. Биз тынчтык риторикасын жана позитивдүү саясий маданиятты илгерилетүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында жигердүү жаштарды пикир алышууга тартууну каалайбыз», - деп белгилешти программанын консорциум мүчөлөрү, International Alertтин КРдагы өкүлү Шакират Токтосунова, УМБнун өкүлү Гүлсина Кожоярова жана ӨСИ башкармалыгынын төрайымы Надежда Добрецова.

Маалымат үчүн:

International Alert Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда жигердүү жаштарды, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын социалдык чыр-чатактардын алдын алуу, укук тартибин сактоо жаатында колдоо, ошондой эле Кыргызстандын 25 тандалып алынган аймактарында медиация көндүмдөрүнө окутуу боюнча аянтчаны түзүүнүн үстүнөн иштеп жатат.

International Alert жөнүндө:

International Alert – бул элдердин чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүсүнө жардам берүү максатында 1986-жылы негизделген тынчтыкты орнотуу жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча көзкарандысыз эл аралык уюм. International Alert Кыргызстанда 2010-жылдан бери иштеп келе жатат: www.international-alert.org. Кененирээк маалымат алуу үчүн Байланыш боюнча консультант Юлия Бабюкка кайрылыңыз: +996 312 988811; +996 770 02 37 17 ibabiuk@international-alert.org 

Скачать: