Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы менен кызматташууга чакыруу

17.02.2025 16:16
"Өнүгүү саясат институту" коомдук бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын "Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" программасына катышууга чакырат. Бул программанын негизги максаты – жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү тургундардын маанилүү маселелерди чечүүгө активдүү катышуусун камсыз кылуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы менен кызматташууга чакыруу

Программанын катышуучуларына сунушталган мүмкүнчүлүктөр:

  • Жергиликтүү коомчулукту маанилүү маселелерди чечүүгө тартуу жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен демилгелерди тандоо жана каржылоо механизмдерин ишке ашырууну үйрөнүү;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттын ортосунда өнөктөштүк орнотуу, приоритеттүү көйгөйлөрдү биргеликте аныктоо жана чечүү;
  • Жергиликтүү бюджетти пландоо, бөлүштүрүү жана башкаруу боюнча көндүмдөрдү өркүндөтүү;
  • Конкурстарга жана гранттык программаларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;
  • Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын натыйжалуу башкарууну жакшыртуу жана жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун күчөтүү боюнча башка муниципалитеттердин ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүү.

II. Программанын максаттуу муниципалитети кимдер боло алат?

  • Жергиликтүү маселелерди чечүүгө жарандарды тартуу процессин жакшыртууга кызыкдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
  • Жергиликтүү коомчулук менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырган жана ишке ашырып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
  • Жергиликтүү демилгелерди каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө даяр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Толук маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот:
Шилтеме