17.02.2025 16:11 —
19.02.2025 16:11
"Өнүгүү саясат институту" коомдук бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын "Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" программасына катышууга чакырат. Бул программанын негизги максаты – жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү тургундардын маанилүү маселелерди чечүүгө активдүү катышуусун камсыз кылуу.
«Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмеси «Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк Программасынын (мындан ары – Программа) алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматташууга чакырат
кызматташуу маселеси: жергиликтүү демилгелерди каржылоо аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн активдүү катышуусун камсыз кылуу жолу менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
I. Аталган Программанын алкагында кызматташуудан ЖӨБ органдары эмне алышат?
- жергиликтүү жамаат мүчөлөрүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартууну, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо механизмдерин ишке ашырууну үйрөнүшөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамаат ортосундагы өнөктөштүктү орнотуп, жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо жана чечүү мүмкүнчүлүгүн алышат;
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарын пландаштыруу, бөлүштүрүү жана башкаруу көндүмдөрүн бекемдешет;
- конкурстарга жана гранттык программаларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат;
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарын натыйжалуу башкарууну жакшыртуу, чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун күчөтүү боюнча башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын оң тажрыйбасын жер-жерлерде үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
II. Ким Программанын максаттуу муниципалитети боло алат?
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандарды тартуу процессин жакшыртууга кызыкдар ЖӨБ органдары.
- Жергиликтүү жамаат менен биргеликте иш-чаралар жана долбоорлор ишке ашырылган же ишке ашырылып жаткан ЖӨБ органдары.
- Жергиликтүү демилгелерди каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө даяр ЖӨБ органдары.
III. Бул Программага катышуу үчүн кантип өтүнмө тапшыруу керек?
- 1-кадам. Программанын максаттуу муниципалитети болуу ниети жөнүндө аткаруучу жана өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен чечим чыгарышы керек. Айыл өкмөт башчысы/мэр жана жергиликтүү кеңештин төрагасы кол койгон кызыкдарлык каты Программага берилиши керек (каттын үлгүсү 1-тиркемеде берилген). (Жүктөп алуу шилтемеси)
- 2-кадам. Муниципалитеттин «II» бөлүмүндөгү бардык критерийлерге ылайык келерин тастыктаган далилдерди даярдап, Программага тапшыруу керек жана катка тиешелүү документтердин тизмелерин тиркөө керек (2-тиркемедеги үлгүгө ылайык).
- 3-кадам. Өтүнмөнү жана тиешелүү тиркемелерди 2025-жылдын 28-февралы саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке жөнөтүү керек: Бишкек ш., Шевченко көчөсү, 114, тел: +(996 312) 976–530, 976-531, 976-532, 976-533, 976-534 же эл. почта аркылуу: office@dpi.kg. Өтүнмөнү тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2025-жылдын 28-февралы.
Кызыкдарлык каты алынгандан кийин, Программанын жетекчилиги 2025-жылдын 7-мартына чейин Программа менен кызматташуу үчүн тандалган муниципалитеттердин тизмесин жарыялайт. Бардык кызыкдар катышуучуларга тандоонун жыйынтыгы тууралуу билдирүү каты жөнөтүлөт. Кошумча маалымат алуу үчүн Программанын жооптуу кызматкери Мирлан Молдобековго төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыз болот: тел.: (0312) 97 65 30, кош. 107, же уюлдук тел.: (0500/779) 218883.