Аталган демилге 2023-жылдын аягында Баткен облусунун жергиликтүү кеңештерине 30 пайыздык квота менен өткөн депутат айымдарды колдоо максатында КР БШК менен биргеликте “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгүнүн Чакан гранттар программасы тарабынан жарыяланган конкурста 6 жеңүүчүнүн бири болгон[1].
“Биз конкурска Өнөктөштүк программасынын алкагында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы өткөргөн тренингдерден кийин катышууну чечтик. Анткени биздин аймакта 4 орто мектеп жана 4 бала бакча бар. Аларда жалпысынан 1600дөн ашык бала билим алып тарбияланат. Азыркы күндө билим берүү системасында заманбап технологияларды пайдалануу талабы коюлганы менен, мындай мүмкүнчүлүктөр элет жергесиндеги бардык эле мектептерде же бала бакчаларда бар эмес. Ошондуктан биз бул конкурска катышып, гранттык колдоо алсак, биздин мектептерге жана бала бакчаларга сыналгы сатып берейин деген ниетибиз болгон. Ал сыналгылар интернет түйүнүнө туташтырылып, окуучуларга жана бөбөктөргө билим берүүдө балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө жардам берген программалар менен таанышууга жол ачат”, – деди депутат айым Тажикан Туранова, “Ынтымак” демилгечи тобунун лидери.
Депутат айымдар жөн гана сыналгыларды тапшырып койбостон, ал гранттык белектердин андан аркы туруктуулугун жана эксплуатациялоодогу жоопкерчиликти да тиешелеүү кагаздарга эки тараптын кол коюлушун камсыздашты.
Демилгени ишке ашырууда жалпысынан 145 000 сом сарпталып, анын ичинен Швейцария өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн" өнөктөштүктүн[2] Чакан гранттар программасы тарабынан 130 миң сом гранттык каражаттар бөлүнүп берилген.
____________
[1] https://dpi.kg/ky/press-room/news/full/2022.html
[2] "Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн" өнөктөштүк «Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмеси, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу Академиясы» мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жана күч-аракеттерди бириктирүү максатында түзүлгөн.