Баткен облусунун жергиликтүү жамааттарын куттуктайбыз!

27.06.2024 18:19
Облустун жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттарынын арасында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдүн байгелери жеткирилип берилди.
Баткен облусунун жергиликтүү жамааттарын куттуктайбыз!

Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарын колдоонун натыйжасында 6 демилгелүү топ социалдык маанидеги демилгелерди ишке ашыруу үчүн товарлар жана жабдуулар түрүндө гранттарга ээ болушту1. Мындай мүмкүнчүлүк КР Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте конкурстук негизде «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк программасынын ушул жылдын апрель айынын аягында жыйынтыгы чыгарылган Чакан гранттар программасы тарабынан берилди.

«Колдоонун максаты Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутат айымдарынын жана алардын бирикмелеринин демилгелерин каржылоо аркылуу жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышууга түрткү берүү болгон. Сынактын жобосуна ылайык, Программанын гранттык каражаттары жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүү максатында демилгелүү топтор сураган жабдууларды сатып алууга жумшалды. Гранттык каражаттардын жалпы суммасы 750 миң сомдон ашыкты түздү”, – дейт Өнөктөштүк программасынын менеджери Алия Мырсалиева.

Ар бир демилгелүү топтун тизмесине ылайык, жергиликтүү фитнес-клуб үчүн спорттук шаймандар (чуркоо, велосипед, гантел, гимнастикалык килемчелер, турник, экспандер, обруч ж.б.); таштандылардын ар кандай түрлөрү үчүн бөлүмчөлөрү бар таштанды контейнерлери: пластик, айнек, кагаз жана сорттолбогон; мектеп жана мектепке чейинки билим берүү окуу жайлары үчүн проекторлор жана телевизорлор ж.б. Баткен районунун Кыштут айыл аймагы; Кадамжай районунун Майдан айыл аймагы; Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Тогуз-Булак, Катран жана Лейлек айыл аймактары үчүн сатылып алынып, жеткирилип берилди.

_____________ 

1 https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=kg&id=563 

2 "«Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк" Программасы «Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмеси, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу Академиясы» мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жана күч-аракеттерди бириктирүү максатында түзүлгөн.