Жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик квотаны колдошот. Бирок аймактарда жана жаш боюнча топтордо колдоо деңгээлинде айырмачылыктар бар

10.10.2024 10:29 — 11.10.2024 09:00
ЖМК байланыш маалыматы:
Телефон: +996 (312) 123-456
Email: press@elections.kg
Веб-сайт: www.elections.kg
Жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик квотаны колдошот. Бирок аймактарда жана жаш боюнча топтордо колдоо деңгээлинде айырмачылыктар бар

2024-жылдын 11-октябрь - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештерге шайлоодо колдонулуучу милдеттүү 30% гендердик квота боюнча калктын мамилесин баалаган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы менен тааныштырат. Сурамжылоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасындагы Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүгү менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлдү.

«Аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселеси жөн гана теңчилик жана адилеттүүлүк маселеси эмес. Ал прогресстин, туруктуу өнүгүүнүн жана жалпы бакубатчылыктын маселеси. Аялдар саясатка эркектер менен бирдей катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо, биз калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын эске алган кеңири чечимдерди кабыл алабыз. Аялдардын лидерлик потенциалына көмөк көрсөтүүдө, жергиликтүү кеңештерге таза шайлоонун маанилүүлүгүн түшүнүүдө , жергиликтүү кеңештердин жаңы курамында лидер аялдардын татыктуу ордун ээлөө үчүн шарттарды түзүүдө БШКнын өзгөчө ролу бар», - деди БШКнын төрайымы, Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА.

Презентациянын жүрүшүндө КР БШК жана изилдөөчүлөр коомчулукка Кыргызстандын жарандары жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышуу аркылуу аялдардын укуктарынын кеңейүүсүн кандай кабыл алып жаткандыгы тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле аялдардын укуктарынын кеңейүүсүн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо колдоо көрсөтүүнүн мыкты ыкмаларын талкуулашат.

«Швейцария Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык деңгээлдеринде аялдардын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу боюнча практикалык кадамдарды жасоого умтулуусун жогору баалайт. Көйгөйлөр калууда, бирок мен Өнүктүрүү саясат институтунун аларды жоюуга багытталган изилдөөлөрүнүн салымын сыймыктануу менен белгилейм», - дейт Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси, Оливье БАНГЕРТЕР.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, депутат айымдар, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышат.

«Биз өлкөнүн тарыхында биринчи жолу салттарды жана менталитетти, үй-бүлөлүк мамилелердин моделдерин эске алуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик квотага болгон мамилени райондор боюнча талдап жатабыз. Бул контекстти эске албай туруп, өз коомун өнүктүргөнгө катышууга умтулган аялдарды натыйжалуу колдоо мүмкүн эмес. Аялдын активдүү позициясы Кыргызстандын элинин рухуна жана үрп-адаттарына карама-каршы келбейт, бирок биз шайлоочулар аялдарга өз тандоосу менен добуш бериш үчүн, туура сөздөрдү жана ынандыруу формаларын табышыбыз керек. Райондор боюнча квотага болгон мамилени баалоонун жыйынтыктары мамлекетке жана бардык кызыкдар тараптарга максаттуу иштерди уюштурууга жардам берет деп ишенебиз», - деп түшүндүрдү Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкармалыгынын төрайымы.

Презентация 2024-жылдын 11-октябрында саат 9.00дөн 13.00гө чейин Sheraton мейманканасынын L кабаты (lobby ) «Ball room» конференц-залында өтөт. Дареги: Киев көч., 148В.