Инклюзивдүү экономика жакшы мамлекет аз болбошу керек, бийлик экономикалык процесстерге кийлигишип гана койбостон, ал тургай муну жасоого тийиш деп эсептейт. Бул үчүн инклюзияларды – артта калып жаткан топтторду өнүгүү процесстерине кошуу үчүн шарттарды түзүшү керек. Заманбап экономикалык илимде “инклюзивдүү экономика” түшүнүгү дагы деле изилденип, талданууда. Бирок пландаштыруунун жана экономиканы башкаруунун заманбап концепцияларынын негизинде, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде айрым негизги принциптер буга чейин аныкталган жана бекитилген.
Инклюзивдүү, же башкача айтканда, баарын камтыган өсүш – бул көп кырдуу көрүнүш жана бул терминдин ар кандай аныктамалары бар. Бул түшүнүк көптөгөн эл аралык уюмдардын ишинде дагы көп колдонулат. ОЭСР инклюзивдүү өсүштү “... калктын бардык катмарлары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү жана коомдогу материалдык жана материалдык эмес артыкчылыктарды өз жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бирдей бөлүштүрүүчү экономикалык өсүш” деп аныктайт. Дүйнөлүк банктын баамында, “… инклюзивдүү өсүш – бул адамдарга экономикалык өсүшкө салым кошууга жана андан пайда көрүүсүнө мүмкүндүк берген өсүш”. Азия өнүктүрүү банкы инклюзивдүү өсүштү “... жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү гана жаратпастан, ошондой эле коомдун бардык тармактарына, айрыкча жакырларга бирдей мүмкүнчүлүк түзгөн өсүш” деп мүнөздөйт. БУУӨПтүн пикири боюнча, “инклюзивдүү өсүш түшүнүгү, эрежеге ылайык, экономикалык өсүштүн натыйжасында жалпынын гүлдөп-өнүгүүсүн... билдирет”.
Эң жөнөкөйлөтүлгөн формасында, эки негизги соңку жыйынтык инклюзивдүү экономиканын жалпы кабыл алынган өзгөчөлүктөрү деп эсептелет: