Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу (SDC, 2015-2028)

20.08.2015 12:22

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору көп жылдык демилге катары иштелип чыгып,  Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, ХЕЛВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан ишке ашырылып жатат.
Долбоор өз иш аракетин 2015-жылы баштап,  Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында тандалып алынган айылдык аймактар менен кызмат көрсөтүүлөрдү пландоону, уюштурууну, кызмат көрсөтүүнү жана ага көзөмөл жүргүзүүнү жакшыртуу, кызмат көрсөтүүчүлөр менен өнөктөштөр ортосундагы кызматташтыкты жогорулатуу багытында иш алып барат.
Долбоордун негизги максаты  системалык өзгөрүүлөрдү киргизүү менен, жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарт түзүү болуп саналат.

  • Долбоордун I фазасы (2015–2019-жж.)
    Долбоордун биринчи фазасынын негизги багыты тандалып алынган айылдык аймактарда жарандардын чыныгы муктаждыктарын жана талаптарын канааттандырууга багытталган туруктуу, эффективдүү, натыйжалуу, ачык айкын жана жоопкерчиликтүү башкаруу системасын жана кызматтарды жакшыртууну киргизүү болуп саналган. Биринчи фаза аралыгында долбоор уникалдуу методологияны иштеп чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (ЖӨБО) пландаштырууну, башкарууну жана калктын артыкчылыктуу муктаждыктарынын негизинде кызмат көрсөтүүсүнө көмөк көрсөттү.
  • Долбоордун II фазасы (2019-2023-жж.)
    Долбоордун экинчи фазасынын негизги максаттары жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртуу боюнча биринчи фазанын натыйжасында пилоттоштурулуп жүзөгө ашырылган моделдерди репликациялоо жана жайылтуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кызматтарды уюштуруу жана жеткирүү боюнча билимдерди, көндүмдөрдү бүткүл өлкө боюнча таратуу жана жайылтуу үчүн улуттук механизмдерди анын ичинде КР ЖӨБ Союзу жана БАЖБА колдоого багытталган.
  • Долбоордун III фазасы (2024-2028-жж.)
    PSI долборунун III фазасы төмөнкү маселелерди чечет: Алдыдагы үчүнчү фаза натыйжаларды сактоого жана буга чейин берилген ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталат. Ал негизги улуттук өнөктөштөрдү өнүктүрүүдө колдоо көрсөтөт жана өткөөл мезгилде жана администрациялык-аймактык реформадан кийин (ААР) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам берет, долбоор өз ишмердүүлүгүн аяктагандан кийин муниципалитеттерге узак мөөнөттүү жана ишенимдүү колдонуну камсыз кылат. Географиялык жактан долбоор Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын 6 районун камтыйт. Негизги колдоо жергиликтүү коммуналдык калдыктарды чогултуу, ташып кетүү жана жок кылууну туруктуу башкаруу маселелерине багытталган, бул үчүн коммуналдык калдыктарды башкаруу боюнча аймактык программалар талап кылынат.

Долбоордун дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 720044, 7-Линия көчөсү, 65-үй

Тел.: +996 312 21 45 72/73/75

E-mail: AMambetova@dpi.kg

https://www.facebook.com/Public-Service-Improvement-PSI-Project-1443154222363404/ 

Жаңылыктар:

Пресс-релиздер:

Тендеры:

Китепкана:

  • 09.11.2022 11:34
    "Кыргыз Республикасындагы адилеттүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу: экономикалык өсүүгө жана жакырчылыкты азайтууга кантип жетишүү керек?" Инклюзивдүү жергиликтүү өз алдынча өнүгүүгө багыт алган айыл аймактарынын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүү программалары үчүн чаралардын жыйнагы