2025-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында Швейцария Өкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» (ЖДКЖ) долбоорунун жылдык жыйынтык конференциясы болуп өттү.
Иш-чарага Президенттик администрациянын, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Швейцария өкмөтүнүн өкүлдөрү, райондук жетекчилер, шаардык жана айылдык муниципалитеттердин башчылары катышты.
Конференцияда долбоордун 2025-жылдагы негизги жетишкендиктери сунушталып, бир катар райондор үчүн катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча пландар иштелип чыккандыгы белгиленди. Бул жергиликтүү кызматтарды турукташтырууга жана системалык пландаштырууга өбөлгө болууда. Ошондой эле гранттык программалардын көлөмү долбоор тарыхында эң жогору деңгээлге жеткени баса белгиленди.
Катышуучулар Литванын ТКО башкаруу тажрыйбасы менен таанышып, алардын назарына Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын өкүлү тажрыйба алмашуу сапарынан кийин шаарда жер астындагы таштанды үкөктөрү орнотула баштагандыгы тууралуу маалыматы менен бөлүштү. Андан соң катышуучуларга Ноокен жана Жети-Өгүз райондорунун пландары тартууланып, талкууланды. Иш-чара гранттык программа боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.
Долбоорду ХЕЛЬВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда.
