“Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсу

10.06.2024 09:45 — 20.09.2024 18:00

Төмөндө көрсөтүлгөн форма боюнча электрондук түрдө өтүнмөлөрдү жана тиешелүү тиркемелерди программаны ишке ашырып жаткан ӨСИнин кеңсесине 2024-жылдын 1-сентябрынан 20-сентябрына чейинки аралыкта программанын адиси Азамат Мамытовго жибериш керек.

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк (мындан ары – Өнөктөштүк) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары – КР ФМ) менен биргеликте “Жергиликтүү жамааттар үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсун (мындан ары – Конкурс) өткөрөт.

Өнөктөштүктү “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу” юридикалык жактардын бирикмеси жана “Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы” мекемеси түзгөн. Өнөктөштүк Кыргыз Республикасында (мындан ары – КР) жергиликтүү өз алдынча башкарууну (мындан ары – ЖӨБ) өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерди бириктирип, бул ишти биргелешип жүзөгө ашыруу максатын көздөйт.

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТ ҮЧҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ”
конкурсу
2025-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар

 

Конкурстун максаттары жана милдеттери

Конкурстун максаттары төмөнкүлөр:

Конкурстун катышуучулары

Конкурска 2024-жылдын май-август айларында 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөн Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн бардык аткаруу органдары катыша алышат.

Конкурска катышуу үчүн ЖӨБ органдары ушул Жободо белгиленген тартипте өтүнмө жиберүүгө тийиш.

Тандоонун критерийлери

Өтүнмөлөр мазмунунун сапатына жараша жана тиркелген материалдардын негизинде бааланат.

Жеңүүчүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык аныкталат.

Коомдук угууларга ЧЕЙИН жана АНДАН КИЙИН өткөрүлгөн маалыматтык өнөктүктөрдүн сапаты. Алдыдагы угуулар жөнүндө жарандарды маалымдоонун колдонулган механизмдеринин санына жана тибине көңүл бурулат. Жарандар бюджеттин долбоору жөнүндө алдын ала маалымат алып, бул финансылык маалыматты түшүнүп, угуулар учурунда өз суроолорун жана сунуштарын даярдап алганы маанилүү.
Жарандар угуулардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга тийиш. Угууларда айтылган пикирлердин жана сунуштардын баары эле бюджетке киргизиле бербей турганы талашсыз. Бирок, калк эмне үчүн алардын пикирлери эске алынбай калганы тууралуу түшүндүрмөнү алууга укуктуу. Кайтарым байланыштын сапаты жарандарга алардын пикирлери эмне үчүн эске алынганы же алынбай калганы жөнүндө канча жана кандайча түшүндүрмө берилгенине жараша бааланат.
Колдонулган механизмдердин санына жана түрүнө көңүл бурулат. Жогорку балл эң көп механизмди пайдаланган ЖӨБ органдарына ыйгарылат.

Коомдук угуулардын катышуучуларынын жана ар кайсы жерлерде өткөрүлгөн угуулардын саны. Адатта муниципалитеттер коомдук угууларды шаардын борборунда/айылдык аймактардын борбордук айылдарында өткөрүшөт. Ошол эле учурда шаардын/айылдардын алыскы бөлүктөрүнүн жашоочулары угууларга тартылбай калышат. Угууларды уюштуруучулардын көңүлү алардын катышуучуларынын санына гана эмес, ошондой эле бюджеттик процесске шаардын/айылдык аймактардагы айылдардын ар кайсы бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылууга да бурулушу керек. Мындан тышкары, процесске калктын бардык социалдык катмарынын жана гендердик тең салмактуулуктун катышуусун камсыз кылуу да ЖӨБ органдарынын милдети болуп саналат. Мындан улам конкурстук комиссия өтүнмөлөрдү баалап жаткан учурда угууларды өткөрүүдө тең салмактуулукту сактагандарга артыкчылык берет.

Гендердик тең салмактуулукту сактоо. ЖӨБ органдары эки жыныстын тең өкүлдөрүнүн (бир жыныстагы адамдардын 30 пайыздан кем эмеси) коомдук угууларга катышуусун камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш. ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандардын катышуусун камсыз кылып, мыйзамдарда бекитилген кепилдиктер жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга тикелей катышуусунун формалары аркылуу катышуучулардын курамында гендердик тең салмактуулукту сактоого тийиш. Жергиликтүү калкты тартуу, б.а. гендердик өңүттөрүн эске алуу менен коомдук угууларды уюштуруп, өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир көрүнүшү болуп саналат. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүүсү ушул угуулардын жыйынтыктарына жараша болот. ЖӨБ органдары коомдук угууларды даярдап, өткөрүүдө төмөнкү принциптерди сактоого тийиш:

ЖӨБ органдары аялдардын керектөөлөрүн бюджетте эсепке алуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш. Жергиликтүү бюджетти түзүүдө ЖӨБ органдары гендердик тең салмактуулукка көңүл бурушу керек. Конкурстук өтүнмөлөрдү баалап жатканда ЖӨБ органдарынын аялдардын, калктын аярлуу катмарынын артыкчылыктарын аныктоо боюнча өткөргөн иш-чараларына негизги көңүл бурулат. ЖӨБ органдары үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды каржылоону кошо алганда, алардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн бюджеттин долбоорунда финансы ресурстарын мүмкүнчүлүккө жараша бөлүштүрүп чыкканы маанилүү.

Бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана сапаты. Жамаат үчүн өзгөчө маанилүү объектилер жана кызмат көрсөтүүлөрдү беренелери боюнча бөлүп чыгып, пландалган кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматты толук ачып берүү деңгээли каралат. Атайын даярдыгы жок адамдар түшүнө алышы үчүн бюджет жөнүндө маалыматты баары көргөн жерлерге жайгаштыруу зарыл. Муниципалитеттин презентациясында бюджет жөнүндө маалымат канчалык жеткиликтүү жана түшүнүктүү болсо, темага эч тиешеси жок суроолор ошончолук аз болот. Эгерде бюджеттин кайсы бир беренеси 10 пайыздан ашыгыраак көбөйтүлүп (азайтылып) жатса, анда презентацияда тиешелүү түшүндүрмө берилиши керек.

Конкурстун катышуучулары ошондой эле бюджеттин долбоору боюнча жергиликтүү жамааттын жарандык бюджетин түзүп чыгышы керек. Жергиликтүү бюджеттин долбоорлору боюнча жарандык бюджетти http://gb.minfin.kg сайтындагы WEB-тиркемени колдонуп түзсө болот. Жарандык бюджет бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө маалымат канчалык толук жана туура берилгендигине жараша бааланат. Катышуучулар жарандык бюджетти ЖӨБ органынын расмий сайтына жайгаштырышса, бул артыкчылык болуп саналат.

2025-жылга бюджеттин долбоору боюнча жарандык бюджет төмөнкү негизги маалыматты камтышы керек:

Долбоордун бюджетинде стратегиялык, программалык жана башка документтердин чагылдырылышы. Ар бир ЖӨБ органынын функциялары жана ыйгарым укуктары бар, анын ичинде жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү программаларды ишке ашыруу боюнча милдеттенмелери болот. Мындай документтерге аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары же жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, калкты жергиликтүү өз алдынча башкарууга тартуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш пландарын сүрөттөгөн башка документтер кирет. Бул пландарды ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүнүн негизинде иштеп чыгышат. Өнүктүрүү пландарынын максаттары жана милдеттери жамааттардын чыныгы керектөөлөрүнө шайкеш келиши үчүн КРнын көптөгөн муниципалитеттеринде ЖӨБ органдары муктаждыктарды аныктоо максатында сессияларды, фокус-топторду, чогулуштарды, сурамжылоолорду ж.б. өткөрүп келишет. Калктын муктаждыктары аныкталганын тастыктаган документтерди (чогулуштардын, ЖМБАлардын, фокус-топтордун протоколдорун жана катышуучулардын тизмесинин көчүрмөлөрүн) берүүнү өтүнөбүз.

Бюджеттин долбооруна жарандардын пикирлери/сунуштары канчалык деңгээлде таасир эткени. Конкурстун катышуучулары бюджеттин долбооруна калк берген пикирлердин/сунуштардын негизинде киргизилген өзгөртүүлөрдү көрсөтө алган мүмкүнчүлүгүнө жараша бааланат. ЖӨБ органдары бюджеттин долбоору жарандардын пикирлерине/сунуштарына жараша кандайча өзгөргөнүн, бюджеттик каражаттар кантип кайра бөлүштүрүлүп чыкканын, көбөйтүлгөнүн же азайтылганын көрсөтүп бериши керек. Эгерде бюджет калктын пикирлерине/сунуштарына ылайык өзгөртүлсө, анда ошол өзгөртүүлөрдү белгилеп көрсөтүп, кайра каралып чыккан бюджеттин көчүрмөсүн жибериңиз. Өзгөртүүлөр бир нерсеге кошумча каражат бөлүүдө чагылдырылбашы мүмкүн. Бул максаттуу пайдалануунун чоо-жайы болушу мүмкүн (мисалы, ушул жылы кайсы көчөнү, кийинки жылы кайсынысын жарыктандыруу керек) же күтүлүп жаткан үнөмдөөнүн эсебинен кайра бөлүштүрүү болушу мүмкүн. Ошондой эле бюджеттин долбоорун өзгөртүү боюнча жарандардын канча жана кандай пикирлери/сунуштары талкууланып, алардын ичинен кайсылары кабыл алынганын көрсөтүү үчүн угуулардын протоколунун көчүрмөсүн берүүнү өтүнөбүз. Ошону менен катар аялдардан канча жана кандай сунуштар келип түшкөнүн жана алардын кайсынысы бюджетте чагылдырылганын көрсөтүү керек.

Байгелер

Конкурстун байге фонду (жыл сайын) 2 000 000 (эки миллион) сомду түзөт. Байге фондунун каражаттарын Швейцариянын Өкмөтү каржылаган Өнөктөштүк бөлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:

Байге каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүүсүн жогорулатууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө арналган товарларды сатып алууга колдонулса болот. Мындай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөр болушу мүмкүн: калк менен маалымат алмашууну жакшыртуу үчүн жабдуулар, үн күчөткүчтөр (колонкалар), микрофондор жана ушул өңдүү товарлар, коомчулукту кабарландыруу системалары; суу менен камсыздоо, таштанды чогултуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу чөйрөлөрүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр, анын ичинде муниципалдык ишканалар үчүн жабдуулар; муниципалдык мекемелер (мектептер, бала бакчалар, музыкалык жана спорттук мектептер) үчүн жабдуулар жана буюмдар; жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессинде калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын катышуусун жогорулатуу үчүн жабдуулар жана шаймандар.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн суроо-талабы боюнча Өнөктөштүк байге каражаттарын пайдалануунун башка варианттарын карай алат. Байге каражаттарын курулуш-ремонт иштерин каржылоо, эмгек акы төлөө же иш сапарлары үчүн пайдаланууга болбойт.

Өнөктөштүк Конкурстун жеңүүчүлөрү менен байге каражаттарын пайдалануу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Товарлар Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сатып алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп берилет. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Өнөктөштүк өзүнүн сатып алуулар жол-жобосун ылайык сатып алат.

Милдеттүү шарт – байгени алгандан кийин бир (1) айдын ичинде алынган байгелерди пайдалануу менен жүргүзүлүп жаткан иштер же өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө отчет берилиши керек.

Өнөктөштүк конкурстун байге фондун толугу менен пайдаланбоо укугун өзүнө калтырат.

Конкурстук комиссия

Жеңүүчүлөрдү төмөнкү тараптардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Конкурстук комиссия аныктайт:

Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгып, өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт. Комиссиянын чечимин каржылоочу уюм жактырууга тийиш.

Долбоордук өтүнмөнү берүүнүн мөөнөттөрү

Төмөндө көрсөтүлгөн форма боюнча электрондук түрдө өтүнмөлөрдү жана тиешелүү тиркемелерди долбоорду ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2024-жылдын 1-сентябрынан 20-сентябрына чейинки аралыкта ӨСИнин адиси Азамат Мамытовго жибериш керек.
Дареги: Бишкек ш., Шевченко көч., 114-үй, III кабат.  Тел.: (0312) 97-65-30 (31, 32). Факс: 97-65-29 же электрондук дареги: AMamytov@dpi.kg

ДОЛБООРДУК ӨТҮНМӨНҮН ФОРМАСЫ ЖАНА КОНКУРС ТУУРАЛУУ ЖОБОНУ ЖҮКТӨП АЛУУ