Баткен облусунун Тогуз-Булак айылдык аймагында өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор түзүлөт

20.04.2015 11:08
Борбор “Жарандык коомду колдоо фонду” (GIZ техникалык кызматташтык боюнча германиялык коом) долбоорунун финансылык көмөгү менен Өнүктүрүү саясат институту аркылуу түзүлөт жана зарыл болгон медициналык, техникалык жана атайын шаймандар, эмеректер менен жабдылат.
Баткен облусунун Тогуз-Булак айылдык аймагында өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор түзүлөт

Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун кызматташтыгынын алкагында түзүлөт. Борбор “Жарандык коомду колдоо фонду” (GIZ техникалык кызматташтык боюнча германиялык коом) долбоорунун финансылык көмөгү менен Өнүктүрүү саясат институту аркылуу түзүлөт жана зарыл болгон медициналык, техникалык жана атайын шаймандар, эмеректер менен жабдылат.

2014-жылдын декабрынан бери “Инсан-Лейлек” коомдук фонду социалдык муниципалдык тапшырыктын алкагында “Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык аймагындагы өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу” долбоорун ишке ашырып келатат. Долбоордун максаты – өзгөчө муктаждыктары бар 20 балага жана алардын үй-бүлөлөрүнө коомдо жашоого мүмкүн болушунча көбүрөөк социалдык адаптациялануусун камсыздоого багытталган комплекстүү квалификациялык жардам көрсөтүү, ошондой эле Тогуз-Булак айылдык аймагынын территориясында балдар майыптыгын алдын алуу.

Тогуз-Булак айылдык аймагынын территориясында 2015-жылдын январынан март айына чейин өзгөчө муктаждыктары бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн так санын аныктоо боюнча билим берүү, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана ЖӨБ органдары менен иштер жүргүзүлдү. Анамнез – негизги диагноз, ар бир баланын учурдагы саламаттыгынын абалы, анын реабилитациялык потенциалы, ошондой эле анын үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар чогултулду. Үймө-үй кыдыргандын жыйынтыгында аймакта майыптыгы бар 50дөн ашык бала аныкталды.

Долбоордун Тогуз-Булак айылдык аймагы боюнча координатору Коңурбай Коймуратовдун айтымында, 2015-жылдын март айынан май айына чейин Тогуз-Булак муниципалитетиндеги өзгөчө муктаждыгы бар 40 бала үчүн реабилитациялык программалар иштелип чыкмакчы. “Биз бул программаларды Лейлек районунун башка кызыкдар мамлекеттик мекемелеринин (саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт, социалдык өнүктүрүү) өкүлдөрү менен биргелешип иштеп чыгабыз, - деди ал. – Программалар баланын саламаттыгынын оптималдуу деңгээлине жетүүгө жана анын коомдо интеграциялануусуна багытталат. Мындан тышкары 2014-жылдын декабрынан баштап, ушул кезге чейин ЖӨБ органы борбор үчүн бөлүп берген имараттын 4 бөлмөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат; канализация жана жылуулук системалары өткөрүлөт”.

Долбоордун алкагында балдар күндүз борбордо болгон шартта аларга социалдык-психологиялык, социалдык-педагогикалык, социалдык-медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча семинар-тренингдер да өткөрүлөт. Бул окутуучу иш-чаралардын натыйжасында 20 мугалимдин, тарбиячынын, жигердүү аялдардын – жамаат лидерлеринин, ыктыярчылардын жана өзгөчө муктаждыгы бар балдардын 20 ата-энесинин потенциалы жогорулайт. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө өнөктөшүбүз болгон “Майып балдардын ата-энелер ассоциациясы” коомдук уюму тарабынан тиешелүү маселелер боюнча эксперттердин консультациялык кызматтары көрсөтүлөт.

Долбоордун өзгөчөлүгү – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти оңдоого жардам берет.